Кычы (өсүмдүк)

Википедия дан

Кычы (лат. Brassica campestris, L. 1753) – кайчылаш гүлдүүлөр тукумундагы бир же эки жылдык өсүмдүк. Тамыры ичке, сабагынын бийикт. 1 мдей, гүлү сары, жалбырактарынын жээги бүтүн, сапсыз, мөмөсү – саадак, уз. 3-5 (10) см, уругу каракүрөң, тоголок, 30-48 % майы болот. Ал самын кайнатуу өнөр жайында майлоочу майга кошунду катары колдонулат. Жаздык жана күздүк К. болуп айырмаланат. Афганистан, Индия, Батыш Кытай, Иран, Батыш Европада, Арменияда эгилет. Кыргызстанда отоо чөп катары айдоодо, аңыз жерде, кашарлардын жанында кездешет. Гектарынан 15-16 цге жакын урук алынат. Зыянкечтери жер бүргө, шиш тумшук, кырчма; илдети – дат козу карындар. Күрөшүү чарасы: жерди которуштуруп айдоо, жумшартуу, үрөн тазалоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]