Күзгүбү же таракпы

Википедия дан

Баш сөздүн тексти[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар андан 5—6 м. аралыкта бир катар бөлүшүп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюндун шарты боюнча оюнчулардын бирөөсү катардан 5—6 м. аралыкка чыгып тескери карап, көздөрүн жумуп турат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн жетекчисинин буйругу боюнча» катардагы оюнчулардын бирөөсү акырын билдирбей турган оюнчунун артына келип, манжалары менен көздөрүн жапкандан кийин, оюн жетекчиси көздөрү жабылган оюнчудан «таракпы» же «күзгүбү» деп сураганда, ал оюнчу «тарак» же «күзгү» деп жооп бергенден кийин, жоопко жараша көздөрдү жаап туруп оюнчу, күзгүдөй тегиз же тарактай тарап колдорун көздөрдөн тартып алгандан кийин ордуна кайрадан барып турат. Көздөрү жабылган оюнчу оюнчуларга карап бурулуп, ордунан жылбай туруп анын көздөрүн жапкан оюнчуну көрсөтүшү керек. Эгерде ал оюнчу туура табылса, алар ордулары менен орун алмашышкандан кийин оюнду кайрадан башташат.
Эгерде — туура табылбаса оюнчулар ордуларында калышып улантышат. Ошентип оюн, оюнчулар каалашкан убакытка чейин уланат. Көп жолу көздөрдү жапкан оюнчулардын туура тапкан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү, болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көздөрдү катуу жабууга, манжаларды катуу тартып алууга, айтып коюуга, чурулдоого, алдоого болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси- оюн тапкычтыкка. Көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]