Күйүк

Wikipedia дан
Күйүк: 1— күйүктүн I жана II даражасы; 2 — күйүктүн II жана III даражасы; 3— күйүктүн III жана IV даражасы.

Күйүк[оңдоо]

Күйүк — жогорку температуранын, химиялык заттардын, электр тогунун жана радиоактивдүү нурлануунун таасиринен ткандардын жабыркашы. Ошого ылайык термиялык, химиялык, электр тогуна күйүү жана нурга күйүү болуп бөлүнөт. Турмуш-тиричиликте термиялык күйүк көп болот.

Теринин 1-2-3-даражадагы күйүктөн жабыркашы


Күйүктүн даражалары[оңдоо]

Ткандын жабыркоо оордугуна жараша 4 даражага бөлүнөт.
1-даражадагы тери кызарат, шишимик тартып ооруйт; 4—5 күндө айыгат. Эгер теринин күйгөн жеринде башка жараат болбосо, күйгөн жерди муздак таза суу куюп жууп, андан кийин спирт, арак же одеколон, марганец кычкыл калийдин мала эритмесин сүйкөп туруп, таза кургак стерилденген даки менен таңып коюу керек.
2-даражадагы күйүктө суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Мындай учурда дарылоо мекемелерине кайрылуу зарыл. Врач көргөнчө кургак таза даки менен таңып же жаап коюу керек, бул үчүн атайын пакетти пайдалануу оң. Ыйлаакчаны жарууга жана кандайдыр бир май менен майлап, өз алдынча дарыланууга эч качан болбойт, инфекция түшүп, андан ары дарылоону кыйындатат. Эч кабылдоо болбосо 10—15 күндө тырыксыз айыгат.
3-даражасында тери жансызданып, карттанат.
4-даражасында тери гана эмес терең жаткан ткандар (булчуң, тарамыш, сөөктөр) жансызданат, ал тургай көмүргө айланат. Булардын экөөндө тең жабыркаган адамды дароо медициналык мекемеге жеткирүү зарыл. Күйүктүн оордугу анын даражасына гана эмес, аянтына да жараша болот. Эгерде күйүктүн аянты чоң болсо (30%тен кем эмес) 1-даражадагы күйүктө да шок болушу ыктымал. 2-4— даражадагы күйүктө шок күйүк оорусунун алгачкы мезгили (башталышы) болуп, андан кийин күйгөн ткандардын ажыроосунан пайда болгон заттарга уулануу мезгили, анан (3-мезгили) күйүктүн үстү ириңдеп, бактериялардын уусу менен уулануу болот. Ошентип чоң жана терең күйүк көпкө дарылоону талап кылат. Кээде канга инфекция кирип, сепсис болушу мүмкүн.

Күйгөндө биринчи жардам көрсөтүү[оңдоо]

Биринчи жардам көрсөтүү үчүн баарыдан мурда анын себебин (мисалы, ысыктан күйсө температураны) жок кылуу керек. Эгер кийими күйсө жабыркаган адамга суу куюп, жууркан, пальто же тыкыс кездемеге ороп, жалынды өчүрүү зарыл. Күйүп жаткан кийим менен чуркоого болбойт, анткени шамал (жел) отту күчөтөт. Күйүп жаткан же кайнаган суюктукка малынган кийимди жулуп албай, кесип же айрып жиберип чечип алуу оң, териге жабышкан материалдын четин кайчы менен кесип салуу керек. Биринчи жардам көрсөтүүдө ыйлаакчаны жаруу, түрдүү майларды сыйпоо, заара менен жууш туура эмес. Химиялык заттардан күйгөн жерди ошол замат муздак суунун агымы менен 15—20 минутадай жууп жиберүү максатка ылайык. Кислотага күйгөн жерге ичүүчү соданын эритмеси (1 чай кашыгын 1 стакан сууга) сиңирилген таңуу коюп, жегичтен күйсө аш уксусу же бор кислотасынын начар эритмеси (1 чай кашыгын 1 стакан сууга) менен жууган дурус. Теринин бир кыйла жери күйсө күйүктүн даражасына карабай жабыркаган адамды дарылоо мекемесине жиберүү зарыл. Эгер күйгөн жерди таңууга. болбосо, анда жабыркаган адамды таза шейшепке ороп же жууркан менен жаап, замбилге салып алып келүү керек.

Дем алуу жолдордун жана көздүн күйгөнү[оңдоо]

Дем алуу жолдору жана көзү күйсө күйүктүн жеңилдигине карабастан аны токтоосуз медициналык мекемеге жиберүү зарыл. Электр тогуна күйүү (Электр травмасы), химиялык заттардан кызыл өңгөчтүн жана ички органдардын күйүүсү Уулануу да болот. Нурга күйүү көбүнчө күнгө көп чыкпаган териге ультракызгылт-көк нуру көпкө таасир этүүдөн болот. Ал күнгө какталар замат билинбейт. Ошондуктан пляжда байкабай күн ваннасын көпкө алганда теринин көп жери күйүп кызарып, ачыштырат, чыйрыктырып, эт ысыйт, баш ооруйт, кускусу келет. Биринчи жардам көрсөтүүдө спирт, атыр сыйпап, бир нече күнгө чейин күн нурунан коргонуу керек. Күн нуруна күйүп калбас үчүн күнгө күйүү убакытын улам кошуп, акырындап күнгө күйүү сунуш кылынат. Эгер дененин көп бөлүгү катуу күйүп, 2-даражадагы күйүк болсо, врачка кайрылуу оң, себеби шок болушу ыктымал.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8