Көруулу Султан

Википедия дан

Көруулу Султан — Жакынкы Чыгыш, Орто Азия элдерине жана казактарга кеңири тараган баатырдык эпос «Көруулунун» башкы каарманы. Эпосту батыш (азербайжан, армян, грузин, ажар, кумук жана башка элдердеги) жана чыгыш (түркмөн, өзбек, казак жана башкалар элдердеги) деген топко бөлүп карашат. Бул эпостун башкы каарманы К. С. — түркмөндөрдүн текейомут уруусунун башчысы жана ырчы-акын. Батыш топтогу элдердин эпосунда атасын сокур кылган душманына каршы күрөшкөн баатыр. Атасы сокур болгондуктан Көруулу делет да Ченлибел, Шамлыбел аттуу ажайып жерди жердейт. Ал эми чыгыш топко кирген элдерде көрдүн (мүрзөнүн) ичинде төрөлгөндүктөн Көруулу аталып калат жана Чамбул, Чабули мастанды мекендейт. «Манас» эпосунда К. С. эпизоддук кейипкер катары айтылат да Букардан Таласка келтакан Семетей Бакайга жолуккандагы эпизоддо Бакай Чамбыл-Белдеги К. С-дын элин алты жолу чаап алып, Көрпаянды тартып алганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 227).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4