Көңүл

Википедия дан

Көңүл - назар, адамдын психикалык ишмердүүлүгүнүн кандайдыр бир нерсеге ыкыластуулук (ой топтогондук) менен багытталышы болуп саналат. Көп сандаган тышкы жана ички маалыматардын ичинен өзүнүн иш максатына ылайык келе тургандарын ажыратып алуу мүмкүнчүлүгүн адамга көңүл гана бере алат. Ошондуктан мектептин милдети окуучуну белгилүү көлөмдөгү билимдер менен камсыз кылуу гана эмес аны ойлонуу, эсте сактап калуу, көңүл буруу, назар салуу сыяктуу бардык психикалык иштемдерди жана процесстерди максималдуу пайдалана билүүгө көнүктүрүүгө тийиш. Бирок окуучулар көңүлдү (көңүл коюуну) билгичтик менен пайдалануу аларга кандай таанып билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрдү берерин билишпейт. Ырас, ар бир бала үйүндө да, мектепте да «көңүл бургун» деген сөздү такай угат. Ошондой болсо да алар анын мааниси эмнеде экенин анча баамдашпайт. Ал гана эмес кээ бир окуучу өзүнүн окуу ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу, материалды түшүнүп билиши, тапшырмаларды катасыз аткаруусу анын көңүлүнө байланыштуу экенин ойлоп да койбойт.

Албетте, мектепте окуучу өз эркинче эмнени кааласа ошону иштеп эмгектене албайт, ал окуу планында жана программаларында көрсөтүлгөндөргө ылайык гана тапшырмаларды аткарып эмгектенет. Окуу ишмердүүлүгүн мындайча уюштуруу сөзсүз окуучунун көңүлүнө (көңүлдүү болуусуна) жогорулатылган талаптарды коёт. Ошондуктан көп учурда окуучулар, айрыкча башталгыч класстарда окушкан балдар, иштөө процессинде көңүлдү кантип топтоо керек экендиги боюнча мугалимдин жардам көрсөтүүсүнө муктаж болушат. Тилекке каршы, көп учурда мугалимдердин өздөрүнүн да көңүл жөнүндөгү түшүнүктөрү өтө эле интуитивдик гана мүнөздө экендиги белгилүү. Башка психикалык процесстерге салыштырганда көңүл, анын мазмуну бир кыйла татаал. Анын татаалдыгы ал өздүк мазмунга ээ болбостон ар дайым: кабылдоо, ойлонуу, эстөө (эс) сыяктуу психикалык башка процесстердин көрүнүштөрү катарында жашайт. Мына ушул айтылган процесстерден айырмалуу көңүлдүн ишмердиктеги өздүк натыйжасы жок.
Мисалы: кабылдоо (кабыл алуу) процессинин натыйжасы бул заттын кандайдыр бир түрүн эстөө (эстеп калуу) процессинин натыйжасы – бул заттын, кубулуштун эсте сакталып калынышы, ойлоо процессинин натыйжасы – бул маселенин, көйгөйүн чечилиши боло турган болсо, анда көңүл жөнүндө анын ишмердүүлүгүнүн конкреттүү натыйжасын көрсөтүү мүмкүн эмес, ал жок. Ал жардамчы жумушчу катары психикалык башка процесстердин эффективдүү болуп өтүүсүнө таасир этип тейлейт. К. Д. Ушинский айткандай көңүл – бул биздин ички дүйнөбүзгө, биздин аң сезимибизге тышкы дүйнөдөн түздөн-түз өтүп кирүүчүлөрдүн бардыгы үчүн бирден-бир эшик болуп эсептелет.

Көңүлдүн бар же жок экенин билүүгө жардам берүүчү бир катар белгилер бар, алар адамдын жүрүм-турумунан көрүнөт.
Мисалы: окуучунун жыйнактуу болуп чымырканган абалы, анын оюнун бир жерге жыйнакталып топтолушунун өңүнөн байкалышы, сүйлөп жаткан адамга (мугалимге, классташына), тактайга, демонстрациялык көрсөтмө куралдарга кадалып карашы – мына ушулардын бардыгы окуучуларда көңүлдүн (көңүлдүүлүктүн) бар экендигин эң сонун ырастап көрсөтөт.

Тескерисинче, эгерде окуучу партасында эч ким менен сүйлөшпөй, кыймылдабай тынч отурганы менен анын позасы (абалы) бошоңку болуп туруктуу көз карашы жок, зериккендиги өңүнөн көрүнүп турса, анда мугалим мындай окуучусунун сабакка көңүл бурбай отургандыгын оңой эле байкап биле алат. Бирок жогорку класстын кээ бир окуучулары сабакка көңүл бурумуш болуп отурушканы менен чындыгында алардын көңүлү, ойлогон ою сабактан тышкары окуялар жөнүндө экендигин алар сыртынан билгизишпей тургандыгын мугалим эске алуусу зарыл.

Мындан тышкары, окуучуларда көңүлдүүлүктүн бар же жок болгондугун кыйыр түрдө ырастай турган да бир катар белгилерди көрсөтүүгө болот.
Мисалы: окуу тапшырмасын тез жана туура аткаруу окуучунун көңүлдүүлүгүн ырастайт, анткени тапшырмага ынтызар болуп назар салуу сөзсүз анын натыйжалуу аткарылышына таасир этет.

Окуучунун сабакка канчалык көңүл коюп катышкандыгын мугалим көп учурда анын аткарган ишинен аныктап биле алат.
Мисалы: эгерде класстык иште же үйгө берилген тапшырманы аткарууда эч негизсиз одоно каталыктар (сүйлөмдү, сөздү жазууда таштап кетүү, тамгалардын, сөздөрдүн, сандардын, сандардын орундарын алмаштырып жазуу ж. б.) кетирилсе, анда, албетте, окуучу тапшырманы аткаруу процессинде көңүл койгон эмес деп ишенимдүүлүк менен айтууга болот. Тескерисинче, тапшырманы өтө тыкандык менен, так, сапаттуу аткарылышы, жаңы материалдын сезимталдуу жакшы өздөштүрүлүшү адатта күчтүү көңүлдүүлүктү ырастайт. Мына ошентип, иштин ийгилигин, анын натыйжалуулугун жана сапатын, аны аткаруу процессиндеги көңүлдүүлүктүн болушун аныктоочу кыйыр белгилердин бири катарында кароого болот. Окуучу чындап көңүл койгон кезде аткарылуучу иш анын аң сезиминин борборунда болот да, натыйжада жумуштун сапаты жана натыйжалуулугу жогорулайт. Аң сезимдин мындай жумушчу абалы окуучунун жүрүм-турумунун жыйнактуулугунан жана орунга топтолгондугунан көрүнөт.

Көңүлдүн бир нече түрлөрү бар. Көңүл эрксиз (пассивдүү) жана эрктүү (активдүү) болушу мүмкүн. Назар салына турган объект сезимдүү түрдө атайын тандалып алынгандагы көңүл – бул эрктүү (активдүү), ал эми адамдын сезимталдык багытталышынан тышкары болгондогу көңүл – эрксиз (пассивдүү) болот. Эрксиз көңүл адамдын төрөлгөн биринчи күндөрүнөн тартып эле көрүнөт, анткени анын негизин айлана-чөйрөнүн ар кандай өзгөрүүсүнө жандуу организмдин токтоосуз жообу катары келип чыгуучу реакциясы (универсалдуу биологиялык реакция) – болжолдуу (боолголоочу) рефлекс түзөт.

Организмге таасир этүүчү тышкы өзгөрүү (стимул) канчалык күчтүү болсо ага карата жооп берилүүчү реакция да ошончолук күчтүү болот. Катуу чыккан үн, жарыктын жаркырашы, кескин түртүлүү, жыттын, түстүн, кыймылдын кескин өзгөрүшү сөзсүз организмдин жооп берүү реакциясын пайда кылат. Кээде жагдайын адамдын негизги керектөөлөрүнө багышталган болоор болбос өзгөрүүсү да организмдин эң чоң реакциясын пайда кылат. Адамдын таанып-билүү керектөөсү канчалык күчтүү өнүккөн болсо айлана-чөйрөдөгү чындыктын өзгөрүүсүнө карата анын эрксиз көңүлү да ошончолук активдүү болот. Бул учурда анын эрксиз көңүлүн дүүлүктүрүүчү башкы күч – бул кандайдыр бир жаңылык болуп эсептелет. Биринчи жолу көрүнгөндөр жана биринчи жолу угулгандар көп адамдарды кызыктырат, бирок берилген окуяга өтө кызыгып берилген же өзгөчө талаптануучулугу бар адамдардын гана ага карата эрксиз көңүлү айрыкча туруктуу болот. Эрксиз көңүл менен катар биздин турмушубузда эрктүү көңүл да чоң роль ойнойт. Эрктүү жана эрксиз көңүлдөр бири биринен кескин түрдө айырмаланат.

Айлана-чөйрөнүн кокусунан болгон өзгөрүүсү эрктүү көңүлдү пайда кылуучу фактор боло албайт. Эрктүү көңүлдү пайда кылуучу фактор – бул ишмердүүлүктүн (эмгектенүүнүн) максаты болуп эсептелет. Ишмердүүлүктүн (иштин) максатына жетишүү үчүн көңүлдүн бир орунга жыйынтыктуу топтоо – бул сезимдүү жана эрктүү аракеттин натыйжасы болуп эсептелет. Дал мына ушул учурда гана эң эрктүү көңүл жөнүндө сөз кыла алабыз. Эрктүү көңүл ишмердүүлүктө гана болот, ал ишти аткаруунун динамикасын жөнгө салып турат.
Мисалы: жаңы нуктаны түшүндүрүүгө даярданып жаткан мугалим өзүнүн ишмердүүлүгүнүн эң акыркы натыйжасы жөнүндө ойлонуп, ага жетишүү үчүн зарыл болгон иш аракеттердин программасын түзүүдө туруктуу көңүлдүүлүк менен эмгектенет.

Көп адистер өздөрүнүн иш маселелерин чечүүдө конкреттүү жагдайыны кайсы белгилери боюнча, кандай ыкмалардын жардамы менен анализдөө керек экенин жакшы билишет. Бирок, мындай иштердин эффективдүүлүгү изденүүдө жана аракеттерди пландоодо көңүл канчалык даражада интенсивдүү катышкандыгына жараша болот. Ал тургай эң компетенттүү профессионалдар да эгерде алардын көңүл толугу менен ишти пландаштырууга жана изденүүгө багытталбаган болсо, анда жагдайыны анализдөөгө керектүү кандайдыр эң маанилүү элементти таштап кетиши мүмкүн. Иштин божомолун түзүүдө да көңүл чоң роль ойнойт.
Мисалы: жаңы нуктаны түшүндүрүүгө даярданып жаткан тажрыйбалуу мугалим, эреже катары, материалдын кайсы фрагменттери окуучулардын кабылдоосу үчүн кыйынчылыктуу болоорун алдын-ала көрөт да түшүндүрүү процессинде дал ошол фрагменттерге жакындаганда ал тескери байланышты, класстын жооп берүүчүлүк реакциясын изденүүгө өзүнүн көңүлүн активдештирет.

Материалды окуучулар түшүнүп билишкенине ишенгенден кийин гана мугалим өзүнүн көңүлүн бир аз бошоңдотот. Эгерде материалды окуучулар билишпей калса, анда мугалимдин да жана окуучулардын да К. топтоолору кайрадан кайталанат. Демек, иштин жүрүшүн прогноздоодогу К. мугалимдин ишмердүүлүгүндө бөтөнчө роль ойнойт, анткени ал окутуу ишин, окуу материалынын спецификасын жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен пландаштырууга жардам берет. Мугалим сабакты аябай даярданып пландаштырып, анда мүмкүн катары боло турган бардык кыйынчылыктарды жана татаалдыктарды алдын ала билүүгө аракеттениши мүмкүн. Ошондой болсо да ал окуучулардын демилгеси боюнча келип чыгуучу ар кандай күтүлбөгөн жагдайлардан толук арыла албайт. Мындай жагдайларда негизги күч көңүлгө келип такалат, анткени, көңүлдү өз убагында кечиктирбестен активдештирүү менен гана туура чечимге келүүнү абдан ыңгайлууштуруга болот.

Ишке кызыгып берилүүдө эрктүү көңүлдүн өзгөчө түрүнө – эрктүүдөн кийинки көңүлгө өсүп өнүгөт. Эрктүүдөн кийинки көңүлдүн айырмачылыктуу бөтөнчөлүгү – мында адам өзүнүн иштеп жаткан ишине толугу менен жутулуп кызыгып берилет. Мында иштин мазмунуна тике байланышпагандардын бардыгы адамдын сезиминен жоюлат. Биринчи ирээтте көңүлдү сактап кармап турууга ниеттелген сезимдүү эрктүү аракет жоголот. Жумушту аткаруу үчүн мобилизацияланган эрк экинчи планга кетет да анын иштемин ишке кызыгуучулук аткарып калат. Жумушка кызыгып берилген адам (мейли бала болсун), эреже катары, алаксытуучу тышкы башка таасирлерге жооп кайтарбайт. Албетте, эң күчтүү тышкы дүүлүктүргүч таасир гана адамды мындай абалдан чыгаруусу мүмкүн. Мындай учурда албетте, эрксиз көңүлдү пайда кылуучу рефлектордук принцип таасир этет. Бирок эрктүү көңүлдүн бузулуусуна алып келүүчү айлана-чөйрөнүн дайыма болуп туруучу көнүмүш өзгөрүүлөрү эрктүүдөн кийинки К-гө таасир эте албайт.

Мына ошентип, эрктүүдөн кийинки көңүлдүн эң маанилүү белгиси анын өзгөчө үнөмдүүлүгүндө. Чындыгында эле адам өзүнүн эрктүүдөн кийинки көңүлүн актуалдаштырууда, биринчиден, көңүлдү кармап турууга атайын аракет жасабайт, экинчиден, кошумча дүүлүктүргүчтөрдү анализдөөгө да убара болбойт. Ошондуктан эрктүүдөн кийинки көңүл ар түрлүү ишмердүүлүктөрдү аткаруу үчүн абдан ыңгайлуу жана эң үнөмдүү болуп эсептелет. Бирок, тилекке каршы, эрктүүдөн кийинки көңүл адамдын ою боюнча эле жумушка дароо кошулуп кете албайт. Аны үчүн адамдын жалгыз каалоосу жетишсиздик кылат. Эрктүүдөн кийинки көңүл адамдын жумушка кызыгып берилүүсү канчалык күчтүү болсо ошого карата реакция катары гана ошончолук эртерээк пайда болот. Кыскасы эрктүүдөн кийинки көңүлдү “алдоого” болбойт.

Көңүлдүн бардык түрлөрү инсандык терең мааниге ээ. Адамдын муктаждыктары жана мотивдери, турмуштук баалуулуктары жана идеалдары анын көңүлүнүн динамикасын багыттап жөнгө салып турат. Ошондой болсо да көңүл инсандын башка касиеттерин калыптандырууга таасир этүүчү таяныч касиет болуп эсептелет. Инсандык касиеттердин бири катары көңүл адамдын көңүлдүүлүк деп аталуучу мүнөздүү белгисинен көрүнөт.

Көңүлдүүлүк – бул инсандын турмуштук багытталышы, анын баа берүүчүлүк (баа бере алуучулук) багытары менен аныкталуучу татаал түзүлүш. Мындай ориентациялар күндөлүк турмушта, иште, үйүндө ж. б. жайларда адам эмнеге канчалык даражада кандай көңүл буруу керек экендигин буйрук кылат.

Окуу ишиндеги окуучунун көңүл-дүүлүгүн кандайча көрүп-билүүгө болот? Баарыдан мурда анын окуу процессине, окуу материалынын мазмунуна туруктуу көңүл буруусунан көрүүгө болот. Окуучунун көңүлдүүлүгү анын окуу ишмердүүлүгүнүн бүткүл стили менен аныкталат.

Көңүлдүүлүк инсандык мүнөз катары эки түрдүү калыпда байкалат. Алардын бири айлана-чөйрөдөгү абалга такай назар салуусуна, жагдайлардын болоор болбос майда өзгөрүүлөрүн дароо байкай билүүсүнө, өзүнүн жумушун ишмердүүлүктүн максаттарына ылайык уюштуруусуна байланыштуу. Бул касиет эмгектин кээ бир түрлөрүндө адамдын адистик жарамдуулугун аныктоодо чечүүчү роль ойнойт.

Көңүлдүүлүктүн экинчи калыпы адамдардын бири бири менен катнашуусунан, алардын өз ара мамилелешүүсүнөн көрүнөт. Көңүлдүүлүктүн мындай түрү адептүүлүк (нравалык) мазмунга ээ, анткени мындай көңүлдүүлүк башка адамдардын психикалык абалын байкап түшүнө билүүнү туюнтат. Көңүлдүүлүктүн гумандуулук идеалы адамдан боорукердикти, камкордукту, башка кишинин көңүл-жагдайларынын өзгөрүшүн байкай билүүчүлүктү, жардам берүүнү каалоочулукту талап кылат.

Камкор, боорукер педагог укмуштарды жасай алат, анын окуучуларга, алардын ички абалын, ички дүйнөсүнө көңүлдүүлүгү айрым окуучулардын жүрүш-туруштун нормаларынан чыгып кетүүлөрүнүн себептерин билүүгө жана аларды талаптагыдай оңдоп жолго салууга мүмкүндүк берет. Ал эми окуучулардын башкаларга көңүлдүүлүгү болсо аларда жолдоштук жардамдашуунун, жамааттык таяныч болуусун сезүүчүлүктүн келип чыгышына шарт түзөт.

Көңүлдүн төмөнкүдөй касиеттери бар. Жыйналып топтолуучулук – бир эле затка, ишмердүүлүктүн бир эле объектисине ой токтотуп ыкылас коюучулук. Кээде окуучу маселе чыгарууда өзүнүн айланасында эмне болуп жаткандыгын көрбөй жана укпай калганча абдан берилип иштейт. Затка же ишке мындай тереңдеп берилүүчүлүктүн абалы адамдын көңүллүнүн топтолуп жыйнактуу багытталгандыгын көрсөтөт. Дал мына ушундай жогорку даражада топтолгон көңүлдүүлүктө заттардан жана кубулуштардан көп нерселерди таанып-билүүгө болот, сезимдин демейдегидей абалында заттардан жана кубулуштардан анчалык маалыматтарды адам байкай албайт.

Туруктуулук – белгилүү бир эле ишмердүүлүктүн чегинде бир затка же элестелинүүчү объектиге узак убакыт бою ой токтотуп ыклас коюучулук. Көңүлдүн туруктуулугу ийгиликтүү окууда жана үзүрлүү эмгектенип иштөөдө эң чоң роль ойнойт. Өзгөчө адамды иштеп жаткан иштен алаксытып кетүүчү ар түрлүү дүүлүктүргүчтөр таасир эткен учурларда көңүлдүн туруктуу болуп сакталышы өтө зарыл. Көңүлдүн туруксуздугу, жыйнаксыздыгы адамдын элегейлүүлүгүнөн, унутчаактыгынан көрүнөт.

Байкабастык, элегейлүүлүк, унутчаактык – баланын окуучулук турмушунун эң оор түйшүгү, ишинин такай оңунан чыкпай калуусунун, ата-энелер менен мугалимдердин кыжырланууларынын, эң акырында анын жаман окуусунун олуттуу себеби. Ошондуктан элегей окуучунун жүрүш-турушун анализдөөдө мугалим анын унутчаактыгынын чыныгы себеби эмнеде: көңүлүнүн начарлыгындабы же анын тартипсиздигиндеби, аны даана билүүгө тийиш. Биринчи учурда көңүлдүн касиеттерин машыктырууга туура келет, экинчи учурда болсо окуучунун жоопкерчилик сезимин, тартиптүүлүгүн жогорулатуу максатында анын личностуна атайын тарбиялык таасир берүү керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004

(Ушинский К. Д. Избр. пед. соч. М., 1954, т. II.с. 562)