Ландсберг ренети

Википедия дан
Ландсберг ренети.

Ландсберг ренети - алманын кышкы сорту.

Германияда чыгарыл­ган. Кыргызстанда кеңири тараган. Тез өсүп, калың шак байлайт. Жалбырагы көк жашыл. Ландсберг ренети түрдүү топуракта өсөт, суукка байымсыз. 4—5 жылдыгында мөмө байлап, мол түшүм берет. Мөмөсү тоголок, сүйрү, салм. 200—250 г. Мөмөсүнүн күнөс тарабы кызгылт, көлөкө жагы саргыч. Сулуу ак саргыл, нык, жумшак, даамы кычкыл.

Ландсберг ренети октябрдын баш ченинде бышып, даамы декабрда жакшырат. Алма май айына чейин сакталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.