Лаос мамлекети

Википедия дан
Лаос мамлекети
Жапония империясынын куурчак мамлекети

8-апрель — 20-октябрь 1945



Желек Герб
Борбор калаа Луангпхабанг
Тил Лаос тили
Башкаруу формасы Монархия
 - 1945 Сисаванг Вонг
Өтүүчүлүк
Франциянын Лаостун протектораты
Лаос Республикасы

Лаос мамлекетиЖапония империясы тарабынан оккупацияланган Лаостун француздук автономиялык протекторатынын аймагында түзүлгөн Индокытай жарым аралындагы мамлекет. Ал 1945-жылдын апрелинен октябрга чейин болгон.[1]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Луангпхабангдын королу Сисаванг Вонг 1945-жылдын апрелинде жапондуктар тарабынан Лаостун көз каранды эместигин жарыялоого мажбур болгон. Бирок 1945-жылдын 15-августунда Жапония капитуляция болуп, Сисаванг Вонг өлкөнү кайрадан француздук протекторат статусуна кайтаруу каалоосун билдирген.[2]

1945-жылы октябрда Сисаванг Вонг бийликтен четтетилген Лао Иссар кыймылы өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялаган жана Лаосто башкаруунун республикалык формасын түзгөн.[3]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]