Лейкоз

Wikipedia дан
Лейкоз

Лейкоз (лейкемия, ак кандуулук) — кан пайда кылуу системасынын шишик оорусу. Лейкоздо кан пайда болуу бузулуп, кан пайда кылуучу органдарда, ошондой эле башка органдарда (бөйрөктө, кан тамыр капталында, нервдерди бойлото, териде жана башкалар) өсүп жетилбеген клетка элементтери көбөйөт. Ар кандай органдар шишип, бузулат, жалпы организм жабыркайт. Иммунитет начарлап, абдан оор кабылдоолор (сепсис, некроз, каноо) көп кездешет.

Лейкоздун пайда болушу толук изилдене элек. Лейкоз спонтандык (себеби белгисиз), радиациялык (иондоштуруучу нурдун таасиринен), ал эми өтүшү боюнча катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Лейкоздун бардык түрүндө кан пайда кылуучу органдар системалуу жабыркайт. Катуу кармаган лейкоз өтө тез өтөт жана канда мүнөздүү өзгөрүүлөр болот. Бул учурда ысытма болуп, аз кандуулук байкалат, ар кандай органдар канайт, жараланат жана өлүк тканга айланат. Өнөкөт лейкоз коркунучсуз шишик болуп эсептелет. Анын ичинде өнөкөт лимфолейкоз, миелолейкоз, эритремия, миелом оорусу көп кезигет. Өнөкөт лимфолейкоз узакка созулуп, четки лимфа түйүндөрү, көк боор жана боор чоңоёт. Өнөкөт миелолейкоздо көк боор такай чоңоюп турат. Бул эки формасында тең кандагы лейкоциттер көбөйүп, бара-бара аз кандуулук күчөйт. Эритроциттердин чөгүү реакциясы (РОЭ) өзгөрбөйт. Эритремияда бет, алакан көгүш кызгылт тартып, эритроцит жана гемоглобин көбөйөт. Лейкоздун башка формасынан айырмаланып, миелом оорусунда канда мүнөздүү өзгөрүү болбойт, ал эми РОЭ кескин көбөйөт. Бул учурда сөөк, айрыкча көкүрөк сөөгү жана омуртка ооруйт.
Лейкоз оорусу жана анын формалары клиника-лабораториялык изилдөөдөн кийин гана аныкталат. Өнөкөт лейкоз канды анализдөөдө билинет. Миелом оорусу кан сары суусунун белогун атайын изилдегенде, кемиктен пункция алганда, сөөктү рентген менен изилдөөдө такталат. Акыркы жылдарда лейкоздун бардык формасы, ошондой эле балдардын катуу кармаган лейкозун (мурда дарылоого мүмкүн болбогон) дарылоодо көп жетишкендиктер болду. Оорунун диагнозу такталып, бир аз басаңдаганда амбулаториялык дарылоо жүргүзсө болот. Мындай оорулуулар көп убакытка эмгекке жарамдуулугун жоготпойт. Керектүү дарыларды бекер алышат. Оорулуу врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарганда гана дарылоо натыйжалуу болот. Лейкоз менен ооругандар суукка урунуудан, инфекциядан, күндөн сактануусу зарыл.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8