Лира (топ жылдыз)

Википедия дан
Лира топ жылдызы

Лира (Lуra)Вега жаркырак жылдыздуу Түндүк жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жайында жана күзүндө жакшы көрүнөт.

Жайкы жана күзгү кечте асмандын Түндүк жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жылдыз бөлүнүп турат. Алар: Лиранын Вегасы, Аккуунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири.

Лира байыркы грек мифи Орфей менен тыгыз байланышкан. Лира – музыкалык аспап. Орфей Лираны коштоп ырдап жатканда анын уккулуктуу жагымдуу үнүнөн жырткыч айбандар жоошуган, таштар жылган, дарактын бутактары ийилген деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов