Топ жылдыз

Википедия дан
Орион топ жылдызы.

Топ жылдызасман сферасын аныктоо жана жылдыздарды белгилөө үчүн ыңгайлаштырып бөлүнгөн жылдыздуу асман бөлүк.

Жылдыздуу асман 88 топ жылдызга бөлүнүп, аларга мифтик баатырлардын, жаныбарлардын, буюмдардын жана башкалардын аттары коюлган. Кээде топ жылдыздан айырмалап, астеризм деп аталган топ жылдызга бөлүнөт. Топ жылдыздагы эң жарык жылдыздарга топ жылдыздын аттары кошулуп грек тамгалары ( a, b, g, .... алардын жаркырактыгынан улам азайышна карата) менен, начарыраактары латын тамгалары жана цифралары менен белгиленет. Топ жылдыздын чеги асман параллелдери менен жантаюу тегерегин бойлой өтөт. Топ жылдыздын аттарынын пайда болуу тарыхы толук изилденген эмес. Асман чүмкөгүн топ жылдыздын бөлүү – миңдеген жылдар созулган түрдүү илимий жана диний багыттардын күрөшүн чагылдырган татаал процесс.

Жылдыздуу асмандагы Орион топ жылдызы (XVII к)

Топ жылдыз менен катар өзгөчө орунду Зодиак топ жылдызы же зодиак алкагы ээлейт. Зодиак алкагы эки жагынан тең эклиптикага туташ. Зодиак топ жылдызы пайда кылган алкактын ичинде Күн, Ай жана планеталар айланып жүрөт. Бир жылдагы Күндүн кыймылында Күн 12 топ жылдызды удаалаш кесип өтөт. Алар Балык, Кой, Букачар, Эгиздер, Суу Чаян, Арстан, Бийкеч, Тараза, Чаян, Жаачы, Текечер жана Суу куйгуч. Так айтканда Күн бир жылдык кыймылында 13 топ жылдызга туш болот. Чаян топ жылдызнан өтүп, 20 күнгө жакын Жыланчы топ жылдызында болуп, андан кийин гана Жаачы топ жылдызнан өтөт. Бирок Жыланчы топ жылдыз зодиак жылдыздарына кирбейт.

Байыркы убакта жана орто кылымда зодиактын белгилери бонча адамдардын тагдырына таасир кылуучу жашырып жана кубаттуу сырын айтып келишкен. Ушунун негизинде астрология илими пайда болгон. Анын өкүлдөрү – астрологдор топ жылдыздын жайгашуу таблицасы бонча туулган адамдардын тагдарын айтып берүүчү гороскопторду түзүшкөн.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов