Арстан

Википедия дан
Арстан (эркек).

Арстан (лат. Panthera leo) - мышык сымалдар түрүнө кирүүчү эң ири жырткыч жаныбар. Дене түзүлүшү чың,башы чоң, куйругунун учу кара кылдуу. Денесинин узундугу 2,1 м ге, бийиктиги 1,2м ге, куйругу 1м ге, салмагы 280кг га жетет. Шамдагай жана күчтүү, жүнү тайкы, оңу күрөң сары. Эркегинин мойну менен көөдөн жагында кара күрөң, узун жалы болот. Арстан жалгыздан же 5-10дон топтошуп жүрөт. Арстан Африка менен Түштүк-Батыш Азиянын саванна жарым чөлдөрүндө кездешет. Ал ири сүт эмүүчүлөрдүн (бөкөн, зебра, акыра) эти менен азыктанат, кээде айбанаттардан тарпын, чычкандарды да жейт. Малга же адамга сейрек кол салат. Арстандардын жыныстык жетилүүсү 3-жылы башталып, үйүгүшөт; ургаачысы 4 айча көтөрүп, 1-6 күчүк тууйт. Арстандар зоопарктардын көбүндө багылып, 25-35 жыл жашайт. Арстан колго бат үйрөнүп, капаста тукумдай берет.

Арстан абдан каардуу жырткыч[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...арстан аябай карддуу жырткыч болуп эсептелет ал жаныбарлардын ханы болот грецияда арстанды кучтун согуштун жана жеништин символу деп эсептешет ал аябай шамдагай кучтуу эчкимден коркпойт ал эн мыкты жырткыч. Арстан дагы прайт менен жашайт ал чон уй було 23 же 30 арстанга жетет алардын ичинда бир же эки эркек арстан бардыгын башкарат алар уйур менен анчылык кылат бир гана ургачы арстандар анчылыка кетет де кээде эркектер да анчылыка барат алар акыл менен иштейт биринчи арстан антилопаны коркутуп башка арстандарка коалап кармап жешет эгерде прайттан бир эркек арстан торолсо чонойгондо кубалап салат. эгерде африкада арстанды коруп калсаныз козуно карабаныз реский кыймыл кылбыныз арты менен карабаныз

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]