Ли, Брюс
Брюс Ли (англисче Bruce Lee; кытайча 李振藩, 27 ноябрь 1940, Сан-Франциско — 20 июль 1973, Гонконг) — кунг-фу чебери, Америка жана Гонконг киноактёру, кинорежиссер, продюссер жана сценарийчи.
Өмүр баяны [оңдоо]
1940 жылы Жетинин айынын 27 АКШ-тын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында жарык дүйнөгө келген. Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань исимдери менен да танымал. Бала кезинен фильмдерге тартыла баштаган.
Ийгиликтери [оңдоо]
Кино мансабында 36 фильмге түшкөн. Батышка Чыгыш жекпе-жегин таныткан. Анын өмүрү менен чыгармачылыгы жайлы 30-га тарта фильм түшүрүлгөн. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШ-та чыгыш жекпе-жегиниң жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фу жана тайжичуан өнөрүн меңгерген. Андан башка бокс менен жана дзюдо менен машыккан. «Джит Кун-до» деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин жасап чыгарган. 1971 жылы үй-бүлөсү менен Гонконгго көчүп келет. 1973 жылы Кулжа айынын 20 Гонконгдо 32 жашында көз жумду.
Кызыктуу маалымат [оңдоо]
• Брюс Линин бою 171см
• Каза болоордун алдында анын салмагы 65кг болгон
• Брюс Линин суйгөн гүлү хризантема
• Брюс Линин окуучуларынын бири “агент 007 “ кино тасмасында башкы ролду ойногон.