Ли Куан Ю

Википедия дан
Ли Куан Ю
англ. Lee Kwan Yew
Ли Куан Ю
Желек
Желек
Министр-насаатчы
12-август 2004-ж. — 21-май 2011-ж.
Андан мурунку: Шайланган
Андан кийинки: Жоюлган
Желек
Желек
2-чи улуу Министр
28-ноябрь 1990-ж. — 12-август 2004-ж.
Андан мурунку: Синнатамби Ражаратнам
Андан кийинки: Го Чок Тонг
Желек
Желек
Сингапурдун 1-чи Премьер-министри
3-июнь 1959-ж. — 28-ноябрь 1990-ж.
Андан мурунку: Шайланган
Андан кийинки: Го Чок Тонг
 
Туулган жери: Сингапур
Каза болгон жылы: 23 -март 2015(2015-03-23)
Каза болгон жери: Сингапур

Ли Куа́н Ю (англ. Lee Kuan Yew, же Lee Kwan-Yew; 16-сентябрь 1923-жылы туулг.) Сингапурлук саясатчы, Сингапур Республикасынын 1-премьер-министри, Сингапур «экономикалык укмушунун» автору.

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ли Куан Ю 1923-жылы 16-сентябрда Сингапурда, түбү кытай үй-бүлөдө төрөлгөн. Адегенде Сингапурдагы Телок Курау жана Раффлз Институтунда («Раффлз-Колледж», азыр Сингапур Улуттук университети), кийин британдык Кембрижде(жеткиликсиз шилтеме) (1945—1949) окуган.

1949-жылы мекенине кайтып келген. 1950-жылдан баштап Сингапурдагы Laycock and Ong адвокаттык практика менен илешет, профсоюздук кыймылга аралашат. 1954-жылы 1959-жылда бийликке келген «Элдик аракет» партиясынын генералдык секретары болуп шайланат. 1959-жылдан 1990-жылга чейин премьер-министр постун ээлеп турган. 1990—2004-жылдары кийинки баш министр Го Чок Тонг өкмөтүндө ага министр болуп турган. 2004-жылдын августунда өз уулу Ли Сяньлун өкмөтүндө министр-ментордун (устаттын) кызматын ээлеген. Ли Куан Ю 30 жыл баш министр кызматында, 7 жыл өкмөттүн устаты кызматында иштегенден кийин жаштарга орун бериш үчүн толук эс алууга чыгып кеткен.
1996-жылдын мартында Ли Куан Юнун жүрөгүнө операция жасалган[1].

2015-жылдын 5-февралында года 91 жаштагы Ли Куан Ю пневмония болуп ооруканага жатып, өпкөсүнө жасалма вентиляция жасалып турат. 18—22 мартта абалы начарлайт, 2015-жылдын 23-мартында сингапур убактысы боюнча 03:18 саатта 92ге келген курагында Ли Куан Ю дүйнөдөн кайтат. Ли Куан Юнун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Сингапур өкмөтүнүн башчысы [Сяньлун|Ли Сянь Лун] 2015-жылдын 23-мартынан 29-мартына чейин 7 күндүк улуттук аза күтүү жарыялайт. Ли Куан Юнун сөөгү 2015-жылдын 29-мартында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дө коюлат..

Саясий көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ли Куан Юнун ысмы СССР белгилүү себептер боюнча айтылган эмес. Алсак, бул мамлекеттик ишмер толугу менен эркин базар идеясын колдогон жана аны ырааттуулук менен ишке ашырган. Өзүнүн саясий кредосу тууралуу Ли Куан Ю минтип жазат: “Биз Улуу британия калтырган артыкчылыктарды - англис тилин, юридикалык системаны, партиялык кызыкчылыктардан жогору турган администрацияны - пайдаландык. Биз социалдык мамлекетке мүнөздүү болгон методдорду пайдалануудан качтык, анткени <социалисттик> теңдемечиликтин натыйжасында “британдык” улуу эл ортосаар эл болуп калганын көрдүк.”
Англиянын мурдагы баш министри, англиялык экономиканы көтөрүүдө кыйшаюусуз позицияны ээлегендиги үчүн “темир леди” атанган Маргарет Тэтчер өз кезегинде, «бир кезде Сингапур Улуу Британиядан үйрөнгөн болсо, азыр биз Сингапурдан сабак алуудабыз» деп айткан. Тэтчер Ли Куан Юнун инсандыгы тууралуу минтип айтканы да белгилүү: «Мен премьер-министр кезимде Ли Куан Юнун ар бир сөзүн окуп жана талдап турдум. Ал пропагандисттик туманды таратып, учурдун проблемалары жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу өз көз карашын укмуштай ачык айтуучу. Ал бир да жаңылган жок».
Коррупцияны кандай методдор менен жеңгендиги тууралуу суроого Ли Куан Юнун берген жообу жалпыга кеңири белгилүү: “Ишти кыйышпас үч досуңузду түрмөгө отургузуудан баштаңыз. Эмнеге отурганын Сиз билесиз, эмнеге отурганын алар да билишет.” Бул жерде көрүнүп тургандай, коррупцияны жеңүү үчүн баарыдан мурда, темирдей бекем эрк керек.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемендикти алгандан (1959-жылдан) баштап Сингапур мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарын жаңыдан түзүү кыйынчылыгына дуушар болот. Мамлекетте экономикасынын бардык тармактарын, мамлекетти башкаруу системасын, элге билим берүү системасын, саламаттык сактоону, каржылоо жана банк системасын, тартип сактоо системасын жана куралдуу күчтөрдү жаңыдан түзүү иштерин, эл аралык мамилерди жолго коюу маселесин, айтор, эгемен Кыргызстан дуушар болгондой толгон-токой проблемаларды тез арада токтоосуз чечүү зарылдыгы келип чыгат.
Сингапур 1950-жылдарда көп улуттуу 1 миллиондой калкы бар (азыр 5,2 млндон ашык) шаар болгон, мунун 75.4% ын кытайлар, 13.6% ын – малайялыктар жана 8.6% ын индилер түзгөн. Ал түштүгүндө 100 млндон ашык калкы бар Индонезия менен, түндүгүндө – 6 млндон ашуун эли бар Малайзия менен чектешип турган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң кичине мамлекет болгондуктан, Сингапур кубаттуу коңшуларынын көлөкөсүндө гана болуп, же эгемендигин таптакыр жогото тургандай абалда эле. Бул жагынан дагы Сингапур Кыргызстанга окшош болгон.
Ли Куан Ю болсо башкача ойлогон, жана ошондой аракеттенген. Ал жатса-турса да – Сингапур эптеп эле мамлекет аты бар бир шоркелдей эмес, башкалардан жогору турган, экономикасы өнүккөн бай мамлекет болсо деп кыялдануучу. Ли Куан Ю өз жергесинде ресурстун жоктугун сингапурлуктардын билими, билгилиги, тартиби жана тапкычтыгы жаап турушу керек деп эсептеген.
Ал өз мекендештерин мурда аларга эч качан мүнөздүү болбогон нерселерди жасоого чакырган жана ошондой болушуна талыкпас мээнети менен жетишкен: адегенде өз шаарын тазалоо жана андан ары дайыма таза кармоо; өз кошуналары, мекендештери менен чырдашпай, өз ара түшүнүшүп дайыма ынтымакта жашоо; ар ким өз милдетин, өз жумушун так жана өз убагында аткаруусу д.у.с.
Бүгүнкү Сингапур – Ли Куан Юнун кыялынын 20 жыл ичинде эле толук ишке ашканына талашсыз далил. Эгемендикти алган учурда ар бир жанга киреше 400 АКШ долларына жетпесе, азыр бул киреше –85 миң доллардан ашат (салыштыргыла: бул цифра Америка Кошмо Штаттарында - 56 миңден ашык$, Германия Федеративдүү Республикасында - 47000 $). Азыр Сингапур өлкөсүнүн 5,8 млн дой калкы бар, аянты болсо Бишкектикинен 5 эсе эле чоң. Ошол эле учурда Сингапурдун улуттук дүң азыгы (УДА) 2015-жылы 473 млрд доллар болду (МВФтин баасы). Бул сумма калкы 50 млн го жакын Украинаныкынан ашат. Сингапурга четтен келген инвестициялардын (FDI) суммасы Россияга келген инвестициялар менен жакындашат. Кийинки 30 жылдын ичинде Сингапурдун экономикасы болжол менен 300 эсе өсүп - 700 млн дон 200 млрд АКШ долларына жеткен. Сингапур - жогорку технологиялар боюнча Түштүк-Чыгыш Азиянын көзүрү, бул аймактын коммерциялык дарбазасы жана илимий борбору. Сингапур бул аймактын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн саясатында, экономикасында чоң роль ойнойт.

Сингапурдун ишкердик борбору - Раффлз аянты

Ли Куан Ю өз ишинде дайыма Сингапурдун гана кызыкчылыгын ойлобостон, коңшуларынын кызыкчылыгын да сактап келген. Тигил же бул оюн ишке ашыруунун алдында ал дайыма мындай жумуш кошуналарында, жана башка жактарда кантип турмушка ашырылгандыгына толук талдоо жасап, бардык варианттарды ойлонуштуруп чыккан. Ли Куан Ю башкалардын тажрыйбасын өз мамлекети үчүн эч качан дароо эле жана түздөн-түз колдонгон эмес. Ал каралып жаткан мамлекеттин, коомдун бардык өзгөчөлүктөрүнө, проблемаларына системалык талдоо жүргүзүү менен толук изилдеп, Сингапурдуку менен салыштырган. Элди артынан кантип ээрчитип алганынын бир себеби катары Ли Куан Ю өзүнүн дайыма кагаз карабай, адамдын көзүнө тике карап сүйлөгөнүн эсептейт. Ли Куан Ю өз китебинде эч бир сыр жашырбастан, бардык маселелер боюнча ойлорун жана жүргүзгөн иштерин толук ортого салат. Батыштын жекечилдиги (индивидуализми) менен өз өлкөсүнүн жана Азиянын көп өлкөлөрүнүн социалдык баалуулуктарынын айырмасына көңүл бурат. Ал эч кимден өз көз карашын өзгөртүүнү талап кылбайт; жөн гана тарыхы жана керектөөлөрү ар башка коомдорго түшүнүп мамиле кылуу керектигин суранат. Ли Куандын өкмөтү билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурган. Бул жерде анын өз ишинде жетекчиликке алган 12 принцибинин айрымдары тууралуу айтпай кетишке болбойт:
• Коррупцияны пайда кылуучу факторлорду жоюу жана коррупция менен аёосуз күрөшүү;
• Адамдардын коопсуздугун жана нормалдуу жашоосун, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу;
• Калктын билим деңгээлин тынымсыз жогорулатууга мамлекеттик масштабда кам көрүү (билимдүү билимдүүгө баш кошсун, билимдүүлөрдү тарбияласын);
• Билимдүүлөрдү чет өлкөлүк мыкты окуу жайлардан өлкөгө алып келип иштетүү;
• Ар бир сингапурлуктун англис тилин мыкты билишине жана ошол тилде билим алышына, компьютердик технологияларды мыкты билишине жетишүү;
• Сингапурлуктардын моралдык сапаттары жогору болушуна жетишүү;
• Өкмөттө жана парламентте иштөөгө талапкерлер шайлоолорго каржылык жактан кыйналбай катыша алышына шарт түзүү;
• Ар бир өкмөт мүчөсүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге татыктуу эмгек акы төлөө, жеке ишкерлерге, банктарга, компанияларга ж.у.с. жагымдуу шарт түзүп берүү;
• Коомдун ар бир мүчөсү азыркы учурдун чыныгы билимдүү адамы болушуна жетишүү.
Кыргызстан бул жагынан кандай абалда экенин айтпайлы. Биздин да дурус мыйзамдарыбыз бар, кеп алардын ишке ашпай жаткандыгында. Ал эми Ли Куан Ю өз ойлогонун толук ишке ашырууга жетишкен.
Ли Куан Юнун китеби кандайдыр бир даражада Абдрахманов Жусуптун күндөлүктөрү менен үндөшүп кетерин бул чыгармаларды толук окуп чыккан адам байкайт. Кыргызстанда да өзүнүн Ли Куан Юсу болгон экен, бирок ал 1938-жылдагы репрессияга туш келип атылып кеткендиктен, улуттук лидерден кыргыз эли эрте ажырап калган.
Бүгүн улут лидери болом деген инсан өзүнүн бүткүл ишмердигинде Ли Куан Юнун ойлоруна жана иштерине жакшылап сереп салса жана чыгармачылык менен жетекчиликке алса мыкты болор эле.
РФда МГИМО[2]нун ардактуу доктору.
Сколководогу[3] эл аралык Камкор кеңештин мучөсү .

Ли Куан Ю жумуш ордунда

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • The Singapore Story (ISBN 0-13-020803-5)
  • From Third World to First: The Singapore Story (ISBN 0-06-019776-5)
  • Сингапурская история. 1965-2000 гг. Из третьего мира - в первый . Ли Куан Ю. М.:"МГИМО-Университет", 2010. ISBN 978-5-9228-0576-6
  • Беседы с Ли Куан Ю. Гражданин Сингапур, или Как создают нации . Том Плейт. М.: "Олимп-Бизнес", 2012. ISBN 978-5-9693-0213-6
  • Ли Куан Ю., "Шоокум" журналы, 2013, №2

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Англис тилинде:

Орус тилинде: