Люминофорлор

Википедия дан

Люминофорлор – ар түрдүү дүүлүгүүнүн таасири менен жарык чыгаруучу катуу жана суюк заттар. Дүүлүгүү тибине жараша фотолюминесценция, рентген-люминофорлор, радиолюминофорлор, катод-люминофорлор, электр-люминофорлорго айырмаланат; химиялык жаратылышы боюнча органикалык люминофорлорго жана органикалык эмес люминофорлор фосфорлордон айырмаланат. Люминофорлор түрдүү энергияны жарык энергиясына айландырууда колдонулат. Колдонуу шартына жараша Люминофордун параметрлерине (дүүлүгүү тибине, дүүлүгүү спектрине, нурлануу энергиясынын чыгышына, убакыт мүнөздөмөсүнө) белгилүү талап коюлат. Ар кандай Люминофордун соңку жаркыроосу 10-9 сек дан бир нече саатка созулат. Люминофордун негизги типтерине: кристалл-фосфорлор, органикалык люминофорлор, люминесценциялоочу айнектер кирет. Кристалл-фосфорлордун аралашмасы люминесценциялоочу лампаларда, катод-люминофорлор электрон-нур түтүкчөсүнүн экранында колдонулат. Органикалык люминофорлор эритмелерде (флуоресцин, родамин) жана катуу абалында (пластикалык масса, антрацен ж. б.) люминесценциялайт. Алар өтө жаркырак болуп күчтүү таасир этет. Люминесценциялык анализде, люминесценциялоочу боёкту даярдоодо, кездемени оптикалык агартууда колдонулат. Люминесценциялоочу айнектер түрдүү курамдын айнек матрицаларынын негизинде жасалат. Булар тунук болуп, көпчүлүгү лазердик материал катары колдонулат, ошондой эле ультракызгылт-көк нурунда алынган сүрөт-төлүштү көрсөтүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,