Магнит-теллурдук зонддоо

Википедия дан

Магнит-теллурдук зонддоо (магнит жанa лат. tellus — жер дегенден), МТЗ — Жердей тышкары пайда болгон озгормо электр-магнит талаасын үйрөпүүгө негизделип Жердин ички түзүлүшүн изилдоө ыкмасы.

Ыкманы (1950—53) сов. илимпоз А. Н. Тихонов менен француз Л. Каньяр негиздеген. Жер бетиндеги белгилүү бир чекиткө өз ара перпенди­куляр кылып 2 магнитометр жана 2 электр өлчөгүч (уз. 500 .идеи) орнотулат. Ушул аппарат менен секунданын үлүшүнөн суткага чейинки Т мезгилдүү электр-магнит термелүүсү бай- калат. Натыйжада электр жанa магнит термелүүлөрүнүн амплитудаларынын катышы боюнча ошол изилдене турган райондогу тоо тектин жалган (орт.) каршылыгы (Рп) аныкталат.

МТЗде Тга жараша түзүлгөн ийри сызык улам терецге карата тектин каршылыгынын өзгөрүшүн көрсөтүп, мини­мум маани начар каршылыктуу катмарды, максимум маани көбүрөөк каршылыктуу катмарды билдирет. Бул ийри сызыктарды моделдеги ий­ри сызыктар менен салыштырганда тоо тектин калыцдыгы жанa каршылыгы аныкталат. МТЗ менен жердин 5 кжге чейинки катмарынын рельефи картага түшүрүлөт, 400—500 влгге чейин­ки тереңдеги тоо тектердин электр өткөрүмдүүлүгү изилденет. МТЗ нефть, газ, о. эле жер катмарынын үстүңкү бөлүгүн, мантиясын изилдөө үчүн колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.