Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич

Википедия дан
Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич
Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылыштагы депутаты
желек
желек
 
Жарандыгы:  ССРС Кыргызстан
Туулган жылы: 28 -январь 1981(1981-01-28) (43 жаш)
Партиясы: "Ыйман Нуру"

Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич - 1981-жылы 28-январда Жалал-Абад облусунун, Шамалды-Сай шаарында туулган. «Ыйман Нуру» саясий партиясынан VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2021-жылдан). Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1981-жылы 28-январда Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында туулган, улуту кыргыз. 1998-жылы Шамалды-Сайдагы №2 К.Осмонкулов атындагы мектепти бүтүргөн [1]

2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун экономист адистиги боюнча аяктаган[2].

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун: 2003-жылы «Азиз КД» көп тармактуу айыл чарба өндүрүш кооперативинде баштаган.

2007-жылы Инэксимбанктын Жалал-Абад филиалында кредиттик бөлүмдө эксперт;

2008-жылы БТА Банктын Шамалды-Сай №42 сактык кассасынын башчысы;

2013-жылы айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган;

2013-жылдын 24-декабрынан - Достук айыл өкмөтүнүн башчысы;

2017-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттары аны бир добуштан экинчи мөөнөткө айыл өкмөт башчылыгына шайлашкан.

2021-жылы июнь айында үчүнчү ирет Достук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган[3].

2021-жылдын ноябрь айында “Ыйман Нуру” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары[4].

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасы боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагынын жеңүүчүсү (2019-жыл).

Достук айыл өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” 2021-жыл.

Ноокен районунун ардактуу атуулу - 2022-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) парламенттик ассамблеясынын ардак грамотасы - 2023-жыл.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы №362 Жарлыгы менен Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык ченин алган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://sputnik.kg/20211103/mamasadykov-zamirbek-dujshalyevich-omur-bayan-1054449291.html - Sputnik Кыргызстан. Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич — өмүр баяны. Sputnik Кыргызстан (20211103T0241+0600). Дата обращения: 2 мая 2023. Архивировано 2 мая 2023 года.
  2. https://mnu.kg/ - К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет
  3. https://aimak.kg/jariya_jarnak/92410-dostuk-ajyldyk-ke%d2%a3eshinin-toktomdoru.html - Достук айылдык кеӊешинин токтомдору
  4. https://kenesh.kg/deputies/488 - ЖОГОРКУ КЕҢЕШ. Страница депутата | Жогорку Кенеш Кыргызской Республики. www.kenesh.kg. Дата обращения: 2 мая 2023. Архивировано 18 февраля 2016 года.

https://deputat.kg/persons/mamasadykov-zamirbek-d-jshalyevich/ - Мамасадыков Замирбек Дүйшалыевич (рус.). Deputat.KG - открытый диалог между обществом и парламентом. Дата обращения: 2 мая 2023. Архивировано 2 мая 2023 года.

https://who.ca-news.org/people:34949/page:2/ - Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич, биография. who.ca-news.org. Дата обращения: 2 мая 2023.

https://centrasia.org/person2.php?st=1642091713 - МАМАСАДЫКОВ Замирбек Дуйшалыевич | ЦентрАзия. centrasia.org. Дата обращения: 2 мая 2023. Архивировано 2 мая 2023 года.