Манастын Кырмуска каршы аттанганы

Википедия дан

Манастын Кырмуска каршы аттанганы — эпостун бир катар окуяларына активдүү катышкан, терс каарман Кырмуска каршы согуш он бир дуу-дуга каршы күрөш бөлүмүндөгү чечүүчү мааниге ээ түйүн — бөлүмдөгү окуялардын өнүгүү жолунун жогорку чеги.

Жардамга келип, камап жаткан калың жоодон куткаргандыгына ыраазы болгон Эштектин сыйын көрүп жаткан өз колуна кайрылып Манас: мынча чогулуп келген соң жөн эле кайра кете бербей, ушуну менен үч жолу келип кол салып, тынчтык бербеген он бир дуу-дуга, анын башчысы Кырмуска баса барып, же ажал таап, биротоло келгис кылып келели — деген сунушун айтат. Эл бул акылды туура таап, Манаска колу менен Жамгырчы да кошулуп, Кырмус шаага каршы аттанышат. Билериктен уккан кабар боюнча Кашкардан чыгып, Кырмустун шаарын бет алып бара жаткан Кошойдун колуна жолугуп, эки кол кошулат. Кошойдун колунун ичинде жүргөн Бакай Манас баштаган кол менен келген атасы Байды таап, көрүшөт. Манаска Кыдыр жолугуп, Бакай сенин эң жакын адамың болот деп эскертет. Байдын ажалы жетип өлүп, колдогу эл урмат менен жайына коюшат. Кошун Кырмустун шаарына жетип, камап согуш ачат. Кырмустун ордунда анын кебин кийип, такта отурган Кошой Манасты сынамак үчүн калмактын белдүү баатырларын жекеге чыгарат. Алардын баарын Манас жеңген соң Кырмус-Кошой элине кайрылып: жекеге өзүм чыгайын, эгер жеңилип калсам бекер кыргын болбой багынып бергиле дейт да, Манас менен беттешүүгө аттанат. Адегенде Манасты байкап сайышып көрүп, сынына толтуруп, анан ага бет алганда алыстан эле өзүнүн ким экенин айтып качырып, жоо билбесин, мени менен беттеш деп эскертет. Манас экөө калп эле катуу кармашкан болуп, Кошой качып элине кирет. Аттын тепсөөрүндө калып көп кытай өлөт, көргөндөр таң калышат, каныбыз аман болгой эле деп чурулдап тилек кылышат. Манас да качымыш болуп өз колунун арасына киргенде артынан кууй барган Кошойдун атын жылоодон алып коюңуз баатыр, болду эми деп, Акбай аттуу адам аны жетелеп келет. Кошой мен колго түшүп багындым, силер да бөөдө зыян болуп кыргын таппай багынып бергиле деп Кырмустун элине кат жазат. Алар урушсуз багынат. Кырмустун аялын Кошой алат, жыйган дүнүйөлөрүн колго таратып беришет. Манастын кошунуна тийген он төрт төөнүн алтынын Ороздунун он уулу эч кимге бербей жеке ээлеп алат.

Сюжет Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Ошондой эле ТМВда жанаБагыш Сазановдун вариантында да эскерилбейт. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында окуя негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4