Манастын Нуукер дөөнү жеңгени

Википедия дан

Манастын Нуукер дөөнү жеңгени — эпостун сюжетиндеги баатырдын алгачкы эрдиктеринин бири. Эпизод жаңы шайланган кан кандайдыр бир чоң иш иштөө, башкача айтканда эрдик көрсөтүү менен кандыгын белгилөө салтынын көрүнүшүн баяндайт.

Кан шайланган Манас эртесинде качсам болбой кан көтөрдүңөр, эми мен бийлеген кеп болсо Алтай тоонун Аңыртысын ашып, Уркун дайранын Марал-Кечүүсүнө чейин баралы, жол чардап, чалгын чалып, каршылашар жоо же ууру-каракчы жокпу байкайлы деп жанындагыларга буйрук берет. Арага конуп, Уркун дайрага жетишет. Чынар, терек, талы аралаш чер токой ичинде жандуунун баары бар, шиберин белден буралган, ажайып кооз жер экен. Беш-алты күнү аялдамакчы болуп жатып калышты. Соодагер кылып жиберген адамдары ың-жыңсыз жоголгон Эсенкан Нуукер аттуу дөөгө тогуз жүз адам кошуп берип, дайынын билүүгө жөнөткөн экен. Нуукер Марал-Кечүүнүн маңдайына келип, суунун наркы өйүзүндөгү адамдарды көрүп, айдап келгиле, дайнын сурап билейин — деп жүз адамын жөнөтөт. Башынан мөңгү бузулуп, Уркундун суусу кирип жаткан маалы экен. Суунун түрүн көрүп, жакындай албай кайра келишкен адамдарын каарданып кайра жөнөтөт. Сууга кирген жүз кишинин жыйырмасы агып өлүп, сексени аман чыгып, салбырында жүргөндөргө бет алышты.

Кароолдо тургандар Манаска келаткандардын кабарын айтып, ушундай сууну кечкен жай жүргөн адамдар эмес дешип, кармашка даяр турушту. Суудан кечкен сексен адам балдарга келип өкүм сүйлөп, ким экендиктерин сурашты. Мергенчилеп жүргөндөрүн айтып, өзүңөр кимсиңер деген суроосуна жөн жооп беришпей, Нуукер дөө силерди айдап келгиле деди, бол бастыргыла! деп шаштырып киришти. Нуукериң ким, ага эмнеге барабыз деген Манастын сөзүнө ачууланып, бала туруп тыңын көр, өлө элегиңде бат бастыр деп, демитип киришкенде каары келген Манас айдап барчу сенсиңби? деп, башчысынын башын алып салат. Манас жолдоштору менен келгендерди бүт тындым кылып салышып, орундарында жатып калышты. Жүз кишисинен кабар болбой тынчы кеткен Нуукер дөө дайранын бир өйүзүндө, сексен төрт бала бир өйүзүндө жатып таң атырышты. Таң кылайганда барабан кактырып, калган сегиз жүз адамын айдап Нуукер сууга кирип, жүздөн ашуун адамы агып өлүп, Нуукер дөө баштаган жети жүздөн ашуун адам туш-тушунан чыгып жээктеги балдарды тегеректеп калышты. Чаң-чаң деген кытайдын силер кимсиңер деген суроосуна Манас түп атасы Түбөйдөн баштап, чоң атасы Ногой, атасы Жакып, өзү Манас экенин айтат. Эки тарап согушка камынышты. Кытайдан Кымкар аттуу балбан жекеге чыкты. Кийик атып эле жөн айылга кетпей эки арада киши өлтүрүп, балакетке калмак болдук окшойт, ушунун баары Манас сенин кылганың деп нааразы болгон Көкчөгө: көп экенинен коркпо, жүрөгү курч жалтанбанган жаш балдарбыз, кейигениң эмне? деп жооп берип, Манас Кымкарга каршы жекеге чыгууга камданды. Кан болгон соң тынч тур, азыр сен чыкпайсың деп аны Айнакул тыйып койду. Ыза боло түшкөн Көкчө майданга чыгып, жеткен жерде Кымкарды көмө коюп кетти. Эми Болжоң деген баатыры Көкчөгө каршы келип, атууга беленденип жатканын көрүп, найзалашууга жеткирбей жайлап таштар бекен деп ойлогон Манас Аккелте менен атып, Болжоңду жайлады. Каарданган Нуукер өзү майданга Көкчөнү бет алып жөнөп калды эле, утурлап Манас чыкты. Манасты көргөн Көкчөнүн майданда мен турсам сен эмне келдиң? деген суроосуна жекеге Нуукердин чыкканын, анын мыкты баатыр экенин айтканча аларга Нуукер дөө жетип келип, эки балага жаалы менен карап, жакындап кирип барган Көкчөнү атынан жулуп алып, ташка урууга хамданды. Аны көрүп Манас атына камчы салып, айкырып жетип, найза сайбай, кылыч чаппай, Нуукерди айдалыдан чапчып, атынан жулуп алып, колундагы Көкчө менен кошо көтөрүп, кайра тартып жолдошторуна келип, Нуукер дөөнүн башын жулуп салды. Манастын жолдоштору жоого жапырт ат коюп, аламан согуш башталды. Туруштук бере албай башчысы өлгөн кытайлар качып, Уркундун суусуна киришти. Аты мыктырактары кутулуп, чабал аттуулары сууга кетип, кээси суу бойлон качып, көбү кыргын болушту. Сексен төрт бала көн олжо алып, Манасты канкор атка кондуруп, айылга кайтышты.

Бул эпизод Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын мүнөздө ТМВда берилген. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында бир кыйла айырмачылыктарга ээ: Манастын он бир дуу-дуну жеңгенин угуп, Эсенкан кабар жиберген сегиз жүз адамы бар Нуукер ачык бара албай сыртынан багып тоодо жүргөндө жүз мергени менен ууга барган Манас Нуукерге кабылып калат. Согуш чыгып кытайлар жеңилет, Нуукерди Манас өлтүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4