Манастын Текес канды жеңгени

Википедия дан

Манастын Текес канды жеңгени — мекенди бошотуу темасына кирген окуялардын башталышы.

Мурда Кошой менен Манастан качкан калмактын Култаң аяры Терс-Маёдогу Текес канга барып, Манас деген чыгып, биздин элди кыйратып жатат, аз күндө бул жерге да келет деген кабар жеткирет. Корккон Текес бутканасына кирип, касиеттүү бутуна кеңешсе анысы жоо келсе талкала, сени эч ким жеңе албайт деп көңүлүн жубатып коёт. Кайраттанган Текес айдоодо жүргөн Алтайдагы аз кыргыздан чыккан ал кандай баатыр экен, андай болсо мен да камданайын деп айланасына кабар берет. Куяс аттуу аярына дорго чаптырып, жоо көрүнсө кабарлагыла деп тандамал кырк-элүү жигитин Эчки-Өлбөстүн бийик чатына кароолго жөнөттү. Шашып келген Куяс аярга Текес Манастын жөнүн айтып, айла тап дейт. Алтайды жердеген алтымыш үйлүү аз буруттан да киши чочуйбу. Ажал айдап, каны тартып келе жаткандыр деп Текестин көңүлүн жайлап, аттанып чыгып, түн бою зээр окуп дубалап, бир өрөөндөгү куурай, чөп, чий, камыш, терек, тал, карагай, кайыңга чейин адам кебетесине келтирип, Манастардын келер жолуна куралдуу кошун кылып койду. Тереги дөө, карагайкайыңы айбаттуу баатыр, чий, куурайлар жоокер болуп, көп кошун өзөнгө сыйбай туруп калды. Таң ата Куяс Текести алпарып аскерди көргөзүп, тентиреген буруттарды да жоо дешке болобу, бул жерге келишсе сазайын колуна берейин деп опурулуп мактанды. Текес караса жогору жагы муз баскан зоо, орто жери өрт күйгөн кызыл сел, өйүз-бүйүзү курал-жаракчан жайнаган кол болуптур. Жоктон бар болгон көп кошунга баргандын баары таң калышты. Сынамак үчүн Текестин Шуңгур деген баатыры качырып барып зээр колдун четиндегини найза менен сайса, былк этип да койбоду, кайра Шуңгурду туурап найза сайды эле шалак этип жыгылып түштү. Куяс дуба окуп Шуңгурду өлтүрбөй аман алып калды. Анын өнөрүнө баары таң калышты. Ыраазы болуп көңүлү жайланган Текес Куясым барда мага ким даайт?!, — деп кесир сүйлөп, эч жакка кабар бербей, кенебей жатып алды. Үч күн өтүп, төртүнчү күнү азар түмөн колу менен Манас ал жерге келди. Жолду тосуп калган кайнаган кошунду көрүп токтоп, колго шайланган кан Айдаркан экен, аны баштатып мыктылар эмне кылабыз? — дешип Манаска барышат. Алар Темирдиктин өрөөнүн аякбашы күнчүлүк аскер басып калганын мынча аскерге алдары жете турган эместигин айтып, катылбай эле кайра тартсакпы дешип Манаска акыл салышты. Ачууланган Манас качканда ушунча кол артыңдан кууса кайда кирип кутуласың деп, байкап келүүгө өзү жөнөдү эле, Бакай кошо аттанды. Манаска сен артта калып көмүскөдө тур, мен алдыга барып, душманга көрүнүп коюп качкан болоюн, мени кууса тосуп, урушуп ажыратып аларсың деп, Бакай Моюлду деген бел менен көрүнөө бастырып чыгып, алиги кошунга жарым бутадай жакын барса көп кол былк этпейт. Карап туруп унчукпаган колго таң калган Бакай арып менен жасап койгон жумуш болбосун деп шекшип, байкамак үчүн найзасын сундурса алиги кол жапырт найза сундурду, бул эмнеңер? — деп кыйкырды эле Бакай айткан сөздү жапырт айтып кыйкырышты.

Бул иштин амал экенин билген Бакай арсаң-арсаң күлдү эле, көп аскер да күлүп калды. Бакай Манаска барып жөнүн айтты. Билгичтердин акылы боюнча зээр колду өрт коюп жоготуп, калың кол каптап ордосуна кирип барганда каарданган Текес кан адегенде жанындагы Куясты жара тартып, анан өзүнө өзү бычак салып өлүп тынды. Камсыз жаткан Текестин эли эч каршылык көрсөтпөй багынып берди. Олжого кызыккан айрым тентектер калмактарды талап киргенин көргөн Манас калмактардын жырык ийнесин да албагыла деп аскерине жар чакыртып, тентектерди теске салды. Текеске караган тыргоот, маңгул калмактарын чогултуп, Манас каныңар Текес өзүн-өзү өлтүрдү, өзүңөр араңардан кан шайлап алгыла дейт. Ар кимисин кан болгун дешсе мойноп болушпайт. Токсон миң үйлүү эли бар, сексендеги Карача элдин айтканын туура көрүп кан болууга көңүлдөнсө, кызы Сайкал өкүмдөн жутадың беле, өлгөн Текестин тонун тоноп алгансыганың жакшы эмес деп тыйып коёт. Карача айнып, эли катаалдык кылдың деп, ошондон Карача Каткалаң аталып кетет. Баарың качып болбосоң Текестин иниси Тейиш кан болсун деген Карачанын сөзү менен Тейишти кан көтөрүшөт.

Окуя Радлов жазып алган вариантта да, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Башка манасчылардан Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын, бирок андан айырмаланып, Мекенди бошотуу темасына байланыштуу окуялардын биринчиси эмес, эң акыркысы катары берилген: Илени бойлоп Терс-Сууга келген Манастын колу Текести басып, Текес жекеде өлөт. Аламан уруш болордо Текестин иниси Тейиш Манаска элди кыргын кылбашын суранып, баш ийип берет. Уруш токтоп, эки эл жарашат, Тейиш кан көтөрүлүп, чоң той берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4