Манастын курал-жаракка ээ болушу, он бир дуу-дуунун жиберген балбандарынын жазаланышы

Википедия дан

Манастын курал-жаракка ээ болушу, он бир дуу-дуунун жиберген балбандарынын жазаланышы — эпостун сюжеттик өнүгүшүндөгү маанилүү түйүн, туруктуу мүнөздөгү кеңири белгилүү сюжеттерден, эки окуянын бириктирилип берилген үлгүсү.

Манас он төрткө чыгат. Жанына жети жолдош алып, Манас Үч-Аралга ууга барат. Кийик карап, аң издеп жолдоштору бириндеп туш-тушка кетишет. Эсилдин башы Боз-Дөбөгө чыгып, туш тарапка көз чаптырып турган Манас төмөндөгү өзөн суунун боюнан бир топ адамды көрөт. Көрүнүшү биздин элден эмес окшойт, кайдан келген немелер болду экен деп ойлоп, карап турса алиги адамдар сууга буту-колун жуунуп, анан күн батышты карап жүгүнүп, чекесин жерге тийгизип, түшүнүксүз иштерди иштеп жатышканына таң калган Манас атайын барып ал адамдардан жөн-жай сурайт. Алардын башчысы Абунасир (Айкожо) аттуу өтө көп жашаган касиеттүү кары экен. Ал атайы Манасты издеп келгенин айтып пайгамбардын белеги деп Аккелте мылтык менен Ачалбарс кылычты берет. Мусулманчылыктын жолун айтып, Манасты динге киргин дейт. Тиги дүйнө, тозок, бейиш дегендериң эмне, эмне үчүн мен сенин тилиңди алып, мусулман болушум керек? — деген суроосуна жооп кылып Абунасир Манасты уктатып, тозок менен бейишти көргөзөт. Бир нече күн жатып ойгонгон Манас мусулман болуп, Абунасир менен коштошот. Куш салганы кетип, он бир күн дайны билинбеген баласынан санаасы тынбаган Жакып үйүнөн аттанып чыгып, жол карап бир топ жүрүп калат. Жолдон кезиккен кийгендери көпкөк темир, курал-жаракчан, көрүнүшү коркунучтуу он бир адам Жакыпты ортого алып, атың ким, бай Жакыпты анын баласы Манасты билесиңби? — деп демитет. Жакып тигилердин суроосуна түз жооп бербей, алардын аты-жөнүн, кайсыл жерден келаткандарын, Жакыпты кайдан билерин, эмне кыларын сурайт. Жакыптын суроосун этибарга албай, мырдар атыңды тез айт — деп катуулап демиткенде корккон Жакып атын жашырып, Жакып менен кас Бердике деген менмин, деги, жөнүңөрдү айткылачы? — деп дагы сурайт. Бирөө Кумулдан, экинчиси Камбыдан, дагы бири Мар шаарынан, Котон, Жеркен, Доңшу жана башкалар кытай шаарларынан экен. Ошол шаарлардын он бир дуу-дуусу аларды Манасты кармап келгенге жибериптир. Жакыптын айылы тетиги башы чыгып турган чоң тоодо, мал карап жүрдүм эле, жумушумдан калбайын — деп он бир балбанды тетири жолго салып коюп, убайым тарткан Жакып айылына келип, агасы Байды баш кылып Акбалта, Бердике жана башкалар аксакалдарды чакырып, көргөнүн баяндап, не кыларын билбей, мал алуучу адам болсо бир баланы баалап сатып алып, Манас ушу деп кармап берип тынсакпы? — деп акыл салат. Эл туура, же туура эмес дей албай отуруп калганда, Бай: баласын сага малга сатып, анан сенин балаңдын күнүн көрчү ким бар дейсиң?! Кыйратам деп камап келген жоо барбы? Алты миң колу менен келген Нескара дөөнү деле Манас жеңбеди беле. Өзүңчө эле убайым жей берет экенсиң, — деп инисин кагып коёт.

Манас жолдошторун эстеп, кайда жүрүшөт болду, — деп айланага көз салып, алардын Талды-Суудан келе жатканын көрөт. Манас турган жер Курбу-Кум деп аталып, аркар, кулжа жайнаган кайыптын кени экен. Жолдошторун утурлап бармак болуп Манас бастырайын десе Аккула артка кетенчиктеп, баспайт. Бул эмнеден үркүп жатат? — деп, ойлогон Манас алды жагына. көз салса куйругу чагарактаган, төшү жагжайган, көзү чыныдай, жүнү кызыл сур, башы чоң казандай, көкүрөк жүнү самсаалаган, көчүк жагы тарбайып жылаңач, бычактай курч азуу тиши бир карыш, мойну менен шилисинде кере кулач жалы бар, чоңдугу өгүздөй, басканы адамдай, капталында канаты бар, куйругу кылыч, башында найзадай мүйүзү бар бир укмуш жандыкты көрөт. Баягы жандык дөбөгө басып чыгып кыйкырса үнү беш күндүк жерге угулуп, үндүн ачуулугунан айланадагы жети жүз он төрт кулжа кырылып калат. Кулжалардын өлгөнүн көргөн Манас залим экен, муну атайын деп алыскы-жакын айныбас, ыраакы-жакын ылгабас, ортосу болот, оозу албарс, түтүнү туман, түбү Ыспан, кароолу дажаал, огу ажал Аккелте мылтыгын алып өпкө тушуна кармай бергенде алиги айбан асманга алты аркан бою көтөрүлүп барып, кайра жерге түшүп сулап калды. Манас басып келип Айкожо берген Ачалбарс кылыч менен белинен бөлө чаап салды. Ачуу айкырыкты, анын артынан атылган мылтыктын үнүн угушкан жолдоштору шашылып келип калышты. Кырылып калган кулжалардын этин бөлүп алышсын деп Манас элге алты жигит кабарга чаптырды. Айланадан эки миң адам келип, кулжалардын эттерин жүктөп кетишти. Ошол күндөн ошол жер Кулжа аталып калыптыр. Эл дүрбөп жүргөндө кытайлардын он бир балбаны «Манас», «Манас» деген сөздү кулактары чалып, издеп келип, Манасты таптык, эми айдап кетебиз деп көңүлү жайланган немелер: Атаң ким? Чын эле Манассыңбы? деп баатырга тийиштик кылышты. Атайын мени издеп келсеңер үйгө жүргүлө, атамды көргөзөйүн деп, Манас аларды айылына ээрчитип барат. Жакыпты көрүп, бизди алдап тескери жолго саласың, кандарга ичиң бузук экен, азыр байлап кетебиз деп, Жакыптын жалынганына карабай ортого алышты. Күнөөсү жок, кары адамга катылбагыла деген Манасты да кошо байламакчы болуп, ага жабылышты. Жаалы келген Манас жабылгандардын төртөөн катар кармап -көйнөктөй желпип жерге уруп, калгандарын бири менен бирин урунуштуруп, жеке өзү он бир балбанды байлап, кулак-мурунун, колу-бутун кесип, баарын бир-бир мүчөсүнөн айырып, аттарынын куйрук-жалын кыркып таштап, кандарыңарга барып айтып, колуңардан келген жамандыгыңарды жасап алгыла — деп коё берди. Он бир балбан асты алтымыш күндө, арты алты айда өз кандарына барып, көргөндөрүн айтып арызданышты.

Сагымбай Орозбак уулу эпостун кеңири белгилүү эки окуясын кошуп бир окуя катары берген. Көпчүлүк варианаттарда өз-өзүнчө айтылат. Айрыкча баатырдын курал-жаракка ээ болушу баатырдык эпостордо кеңири жолугуучу туруктуу сюжеттердин бири. Ошондой эле өчөшкөн жоосунун үшүн алуу үчүн кулак-мурдун кесип жазалоо да көп элдердин жөө жомокторунан баштап эпосторуна чейин кеңири тараган сюжеттерден (Мисалы, нарт эпостору жана башкалар).

Радлов жазып алган вариантта Манастын Айкожо менен жолугушканы жок, бирок Айкожо касиеттүү адам катары эскерилет. «Сейтек» бөлүмүндө Сейтектин атын асмандан түшүп келген Айкожо коёт. Буга караганда касиеттүү адам, же сырдуу күчтүн ээси, баатырларды колдоочулардын бири катары эпосто эски катмар экендиги шексиз. Саякбай Каралаевдин вариантында алты курч жана боз кисе асмандан түшөт, аларды баатырга Кызыр тапшырат. Аккелтени Бөлөкбай жасап, Манаска Бакай берет. ТМВда да Аккелте менен Ачалбарсты Манаска Айкожо берет. Молдобасанда Ачалбарсты Айкожо пайгамбардын белеги экенин айтып Мекеге барган Ажыбайдан Манаска берип жиберет. Башка манасчыларда Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын. Абдылданын Мекеге Айкожого барганы, ошондон тартып ажы болуп келип, Ажыбай аталышы Сагымбай Орозбаковдун вариантында да бар, бирок анда курал алып келгени эскерилбейт.

Экинчи окуя Радлов жазып алган вариантта да, Саякбай Каралаевдин вариантында да жок. Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакыныраак мүнөздө ТМВда бар.Багыш Сазановдун вариантында ушуга жакын сюжет бар. Бирок Манас душмандарынын кулак-мурдун кесип жазалап коё бериши Эсенкан Манасты байлап келгенге жиберген соодагер тыңчыларына байланыштуу эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4