Манихейчилик

Википедия дан

Манихейчилик Мани окуусу (болжол менен 215-жылы Вавилон –176-жылы). Зороастризм сыяктуу эле дуализмге негизделген диний идея. Дүйнөнү ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын күрөшүнүн аренасы катары таануу. Дүйнөнүн өнүгүү максаты – акты бошотуу деп билүү. Манинин окуусу боюнча адам жана дүйнө жамандыктан (азезилден) жаралган; адам жан-дүйнөсү азгырык менен материалдык байлыктан бошосо гана андан аман калат. Караңгыга аралашкан жарыкты жалгыз гана дүйнөнүн өлүмү бошото алат.
Адам жакшы жүрүм-туруму менен өзүнүн жакшы жактарын бошотот, ошону менен жамандыкка каршы күрөшүүдө өзүнө жардам берүүгө милдеттүү. Ошондуктан, адам өзүн көп нерселерден чектеши керек, башкача айтканда «тандалгандар» үйлөнбөй, эт жебей, өсүмдүктөргө зыян келтирбей жашоосу зарыл. Манинин түшүнүгүндө бул окуу жалпы эл кабыл алган дин деңгээлине чейин өсүп жетип, ошол кездеги сыйынууларды алмаштыруучу ишенимдерден болмок, ошондуктан бул окуу өз заманындагы диний жөрөлгөлөрдү өзүнө сиңирип турган.Сасанилер алгачкы учурда Манихейчиликтин таралышына тоскоолдук жасашкан эмес, качан мамлекетке, чиркөөгө каршы агым экендигин билишкенден кийин ырайымсыз түрдө куугунтукка алышкан. Мани камакка алынып, 276-жылы өлтүрүлгөн. Анын жактоочулары жашырынып жашоого аргасыз болушкан.
Манихейлер Византияда да куугунтукка алынган, христиан чөйрөсүндө да Мани окуусуна каршы көптөгөн китептер жазылган. Орто Азияда Мани Согду шаарларына, андан Чыгыш Түркстан, Кытайга чейин тараган. Иранда Манихейчилик жашыруун жашоосун улантып коомдук турмушка чоң таасир берген. Бирок Манихейчилик кеңири тарагандыгына карабастан куралдуу көтөрүлүштүн туусу боло алган эмес, себеби пассивдүү каршылык көрсөтүү үгүтү менен чектелген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]