Мания-депрессиялык психоз

Википедия дан

Мания-депрессиялык психозмания же депрессия түрүндө мезгил-мезгили менен кармай турган психоз. Манияда ноокас адаттан тышкары күч-энергияны сезет, аларга жандуулук, ишкердик, активдүүлүк, тез ой жүгүртүү, ойлоп табуучулук мүнөздүү, уйку качат, чарчап-чаалыгууну сезбейт. Маниянын жеңил даражасында ноокас өтө элпек, сөзмөр, акылдуу, тамашакөй, шайыр, жөн билги келет, алды-кийинин ойлобой чоочун адамдар менен бат таанышат, жосунсуз жоруктарга барат. Мания өтүшүп кеткенде өзүн өзү кармай албай күйпөлөктөп өтө жеңил болуп кетет, ой-максатынын жана аракетинин аягына чыкпайт. Көтөрүңкү маанайы ачуулануу, кыжырлануу менен алмашат. Жайдарылык заматта каардуулукка айланат (каар маниясы). Депрессияда ой жүгүртүү начарлайт, кыймыл-аракет жайлайт. Ноокас себепсиз капаланат, бирок көбүнчө ыйлай алышпайт, көңүлү чөгүп, ишке жөндөмүн жоготушат, шалдырап алы кетип, уйкусу качат, табити бузулат (к. Депрессия). Адатта, бул фазалар алмашып турат, бирок жаш өткөн сайын депрессия күчөйт. Кээде монофаза да кездешет, башкача айтканда мания же депрессия гана байкалат. Ал эми фаза алмашуу аралыгы кыйла жылдарга созулат. Бул дарт адамдын мүнөзүн өзгөртпөйт. Приступ кармабаса ноокас кадимкидей эле жүрөт. Медициналык жардамга же көзөмөлгө муктаж болбойт. Бирок мания улгайган кезде астенияга өтөт, депрессия өзүн өзү өлтүрүү коркунучун туудурат. Дарылоону өз убагында баштоо маанилүү, оор учурда ооруканага жаткыруу керек. Оорунун башталышында ноокас ооруп калганын түшүнөт жана врачка өзү кайрылат. Кээде «көңүлүм ачык» деп өзүн көтөрүңкү маанайда сезип, оорусун сезбейт. Бул убакта аны жакындарынын көзөмөлгө алуусу маанилүү. Оорулууну дарылоо жакшы натыйжа берет. Мындай оорулууларга спирт ичимдиктерин ичүү таптакыр жарабайт, айрыкча манияда көп ичип кетүү мүмкүн экенин эске тутуу зарыл.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8