Мацуо Басё

Wikipedia дан
Мацуо Басё (Бузон тарткан сүрөт).

Мацуо Басё (жапончо - 松尾芭蕉; 1644-1694) - жапон элинин даңазалуу акындарынын бири. Ал ыр жазуу өнөрүнүн теоретиги катары да маалым. Анын өз аты Мунэфуса болгон.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Жапон элинин улуу акыны Басё 1644-жылы Уэно деген провинциалдык шаарда анча бай эмес, бирок оокаттуу самурайдын үй бүлөсүндө үчүнчү бала болуп төрөлгөн. Анын ата-энеси, бир туугандары билимдүү кишилерден болгон.

Бир тууган агасы менен атасы Мацуо каллиграфиядан сабак беришчү. Ал кезде билимдүүлөр деп кытай классикасын мыкты билгендерди эсептешчү. Басё да кытай адабиятын окуп чоңойду. Анын сүйгөн акыны Ду Фу болгон. Басёну түшүнүш үчүн ал жашаган доорго да көз чаптыра кетүү зарыл. Басё Жапонияда гүлдөгөн феодализм доорунун аяктап бараткан мезгилинде, б.а., өткөөл мезгилде жашаган.

Басё поэзия окутуучулук менен да алектенген. Аны жолоочу акын десек болот. Өмүрүнүн көпчүлүгүн жер кезип өткөргөн.

Акындын чыгармачылык өмүрүндө чоң окуя анын Эдонун жанындагы Фукагава жерине келиши болот. 1680-жылы Басё шакирти Сугияма Сампу белек кылган Сумида суусунун жээгиндеги алачыкта жашап калат. Анын жанында банан, пальма дарагы отургузулуп, ал эми алачык «Банан алачыгы» деп аталган. Ошол себептен, ырларынын аягына өз атын эмес, Басё - "банан дарагы" деген адабий ат (псевдоним) менен жазган.

Ошентип, акындын өз аты Мунэфуса кийинчерек таптакыр унутулуп, Басё деген адабий аты эл арасына кенири таралып кеткен.

Поэзия[оңдоо]

Басёнун дооруна чейин классикалык ыкмада жазылган беш сап ырлар (танка) үстөмдүк кылган.

Киотодо императордун сарайында беш сап ырлар боюнча акындардын жарышы жүрүп, элдик эски күүлөр ойнолчу.

Басё кылымдар бою келе жаткан поэтикалык салтка жаңы ыкманы, жаңы демди киргизген. Бул жаңычылдык - ал жазган үч сап ырлар (хайку, хокку) эле.

Үч сап ырлар, албетте, ага чейин эле жазыла баштаган. Бирок, Басёнун ырларынан кийин гана үч сап ырлар жапон поэзиясынан туруктуу орун алды.

Мацуо Басёнун Жапониядагы эстелиги

Хоккулар[оңдоо]

Үч сап ырлар жанрынын түрү - "хокку" - Басё калтырган адабий мурастын орчун бөлүгүн түзөт.

Басёнун хоккуларынан ар кыл үлгүлөрү бир катар кыргыз акындары тарабынан кыргыз тилине которулган.

Алардын бири Акылбек Жуманалиев Басёнун ырларын 90-жылдары кыргызчалап, эки жыйнак кылып жарыкка чыгарган. Аны менен катар белгилүү акын Сагын Акматбекова жана Айтмырза Абылкасымов да которуп келет.


Улуу да, буруу ой басып,
Узун да, кыска жол басып
Улгайтып келген өмүрдү...


Кайгың менен тазарт акыл, эсиңди
Кайгың менен караңгыны жарык кыл,
Кайгы менен арууланткын өзүңдү.


Эски бак, бышкан алчасы,
Эсиме салды канчасын
Эзелки сууган күндөрдүн...


Көрсөтүп гүлүн алчанын
Көңүлүң ачып келейин,
Жүрөгой байкуш калпагым!


Саргайды баары. Сары күз.
Садагам бери карачы,
Мен дагы сени сагындым.


(Которгон - кыргыздын заманбап акын айымы Сагын Акматбекова)


Кетип барат жаз.
Чымчыктар ыйлап, балыктардын
көздөрүндө толо жаш.


«Келди күз да мына!»-
Жылып келип жаздыгыма
Шыбырады шамал кулагыма.


Гүлдөр куурады.
Төгүлдү, кулады уругу
Көз жашы сыңары.


Күүлдөйт күздүн шамалы.
Түшүнөсүңөр ырымды,
Түнөк кылып талааны.


Каңгыбаш, карга, карап бак!
Кайда сенин эски уяң -
Кайналы гүлү бардык жак?


Жыпжылаңач бутакта,
Карга отурат жапжалгыз.
Күзгү кеч.


Кыроо – жамынчы,
Шамал – төшөнчү ага.
Таштанды бала.

(Айтмырза Абылкасымовдун котормосу)

Адабият тизмеси[оңдоо]

  • Акматбекова Сагын. Күүгүмдөгү күү: Ырлар жана новеллалар. - Б.: Кыргызстан, 1998. - 228 б.
  • Бреславец Т. И. Поэзия Мацуо Басё. М., 1981.-152 б.
  • Вера Маркова. Басё. Лирика. — М.: Художественная литература, 1964.
  • Брюсов В. Я. Стихотворения 1909—1917. Собр. соч. — Т. 2. — М.: Художественная литература, 1973.
  • Бреславец Т. И. Поэзия Мацуо Басё. — М., 1981. — 152 с.
  • Басё, Бусон, Исса. Летние травы. Японские трёхстишия / Пер. со старояп. В. Марковой; предисл. В. Н. Марковой при участии В. С. Сановича; сост. и подгот. текста В. С. Сановича; коммент. В. Н. Марковой, В. С. Сановича. — М.: Толк, 1995. — 318 с. ISBN 5-87607-001-7.
  • Басё М. По тропинкам Севера / Пер. с япон. В. Марковой, Н. Фельдман. — СПб.: Азбука-классика, 2007. — 288 с. ISBN 978-5-352-02098-2.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]