Мелентьев, Лев Александрович

Википедия дан

Мелентьев, Лев Александрович [9(22). 12. 1908-ж. т., Петербург - 8.07.1986, Москва шаары] — энергетика боюнча советтик илимпоз. СССР ИАнын академиги (1966; корреспондент мүчө, 1960). Социалдык Эмгектин Баатыры (1969). 1947-жылдан КПСС мүчөсу. Ленинград поли­техникалык институн бутуп (1930), инженер жана окутуучу болуп иштеген. 1945— 60-ж. Ленинград инженер-экономикалык институтунда кафедра башчысы. 1942—60-ж. СССР ИАнын Энергетика институтунда ст. ил. кызматкер, 1960—65-ж. СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Чыгыш- Сибирь филиалынын президиумунун председатели. 1961—66-ж. СССР ИАнын Си­бирь бөлүмүнүн президиум мучосу. 1960-жылдан Сибирь энергетика институтунун директору. 1973-жылдан СССР ИАнын Жогорку температуралар институтунун бөлүм башчысы. 1965-жылдан СССР ИА­нын Энергетиканын физика-техникалык проблемалар бөлүмүнүн академилык секретарынын орун басары. Мелентьевдин илимий эмгектери отун-энергетика чарбасынын тузулушун ыңгайлаштыруу, энергетиканын ири системаларынын өнугүшүн оптималдаштыруу үчүй математикалык ыкмаларды колдонуунун теориялык негиздерин жана методдорун иштеп чыгууга багытталган. Бир катар эмгеги жылуулук электр станцияларын өнуктүрүүгө арналган. СССР Жог. Совети­нин (6, 8-шайл.) депутаты. Үч Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Москвадагы Новодевич көрүстөнүндө коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.