Мидин Алыбаев

Wikipedia дан

Мидин Алыбаев

1917, Чаек кыштагы, Жумгал району, -1959) - кыргыз акыны, сатирик жана драматург.

Мидин Алыбаевдин 90 жылдык

2008-жылдын 31-январда Улуттук китепкана таланттуу акын, сатирик, драматург, котормочу Мидин Алыбаевдин 90 жылдык мааракесине арналган «Көп кырдуу көркөм дүйнө» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышына жана «Медерим» аттуу китебинин бет ачаарына чакырат.

Көргөзмө төрт бөлүмдөн турат:

Көп кырдуу көркөм дүйнө «Жар болуу кыйын болоор акындарга» Муундар байланышы (Мидин, Райкан, Байдылда) Эл оозундагы Мидин Таланттуу акын, сатирик жана драматург Мидин Алыбаев 1917-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Акындын асан чакырып койгон аты Асамидин болгон.

Ал «Карабаткак» башталгыч мектебин аяктаган соң, 1931-жылы Бишкектеги педтехникумга кирет. Бул техникум анын акын, инсан катары калыптанышына зор таасир эткен. Чыгармачылыгынын башталышы да ушул убакка туура келет. Анткени «Маданият биздин дос», «Эмгек талаасы», «Курч калемдер» аттуу ырларынын аягында 1934-жыл деп кол койгон, демек бул чыгармалар акындын 16-17 жашында эле ыр жазууга киришкендигинен кабар берет.

М. Алыбаев «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында иштеп жүргөндө (1936-1938-жж.) аскерге чакырылып, финдер менен болгон согушка катышкан. Мидиндин «Керим» аттуу поэмасы, «Урулбас ант», «Бил, душман», «Беш атар» сыяктуу ырлары «Ок» очерки ошол мезгилди чагылдырат. Согушта парашюттан секирү ү учурунда бутун сындырып алат да, 1940-жылы жерине кайтып келет. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде райкомдо бөлүм башчы, зоотехник, «Социалистик мал чарба» гезитинин кызматкери болуп иштейт. Согуш убагында «Күтчү, секет», «Соң-Көл» (1943-ж.), «Ыйлабачы», «Жоомартка»(1944-ж.), андан соң акындын курч мүнөздөгү ырлары, драмалары катар-катар жарала берген. Мидин Алыбаев сүрөтчү, балдар жазуучусу, драматург болсо да, эл алдында сатирик катары кеңири таанымал.

Улуттук китепкананын демилегси менен даярдалган, М. Алыбаевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеге мамлекеттик уюмдардан официалдуу адамдар, М. Алыбаевдин замандаштары, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, көрүнүктү ү акын жазуучулар, окурмандар жана М. Алыбаевдин үй бүлөсү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.

Көргөзмө 2008-жылдын 31-январында саат 1400дө Улуттук китепканада ачылат.


МИДИН АЛЫБАЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ 28.08.2004 Көчкөн Сактанов, Бишкек

"ХХ кылым жана анын таланттуу атуулдары" деген түрмөгүбүздөн сөз улайбыз. Сиздер бүгүн белгилүү акын Мидин Алыбаев жөнүндөгү берүүнү угасыздар.

Кош Сөңкөл, сен турасың кылым санап,

Мелтиреп кадимкиңдей көктү карап.

Кош Соңкөл! же келермин, же келбесмин,

Болжошту айтуу кыйын атаганат.

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да

Өтөөрмүн бир өзүңдү кайра самап.


Көп эле адамдар ыр, роман, повесть жазып жүрөт. Ушундан уламбы, улуу адабият жөнүндө мындай бир улуу сөз айтылып жүрөт. Адабиятка баш багып, анын босогосунан өтүү өтө кыйын. Босогосунан өтүп, анын төрүнө өтүү ого бетер кыйын. Ал эми адабияттын төрүнө өтүп, ошол төрүндө биротоло калып калуу чанда гана жазуучулардын тагдырына туш келет. Мындай үлүш Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Мукай Элебаев, Мидин Алыбаев жана Төлөгөн Касымбеков сыяктуу гана талант ээлери элдик болуп, окулуп калат сыягы.

Мидин Алыбаев да Алыкул Осмоновсунан кыска өмүрүн адабиятка курмандыкка чалган. О,дүйнө салгынына жарым кылым өтсө да элдин оозунда. Демек, Мидин Алыбаев да адабияттын төрүнө өтүп, төрүнөн орун алган. Ал жөнүндө кызы, белгилүү китеп-сүрөтчүсү Зарема Мидинова:

- Апамдын айтуусу боюнча атам айтчу экен "Мен бутумду жылуу сууга салып отуруп ыр жазбайм" деп. Толкунданып келип эле ыр жазып, ошо бойдон кагаздарын чогултуп барып эле редакциядан чыгартчу экен. Балдары ойноп, чачын жулмалап, эркелеп отурса деле ыр жазып отура берчү. Өтө жөнөкөй, назик болгон экен. Эл көп ичет дешчү, туура, ичип келгенде, буту түз басып келип, эч качан тили мас болчу эмес дейт. Сүйлөгөн сөзү, кайра ошол кездерде курчуучу дейт.

Уулум укта, көзүңдөн мен садага,

Тагдыр деген, талант берген мага да.

Табийгат да калыстыгын кылыптыр.

Тең болсун деп, ата менен балага.


Уулум укта, же жазуучу, же болорсуң сүрөтчү.

Ошон үчүн сенден тилейм тилекти.

Келечегиң кемтик болбос иш үчүн

Керек болсо сууруп берем жүрөктү!


Уулум укта, ойногондо күлүп кой,

Кирпик ачып, көздү мага тигип кой.

Атайылап мага арнаган экен деп

Атаң жазган ушул ырды билип кой!


"Кечээги көргөн бүгүн жок" болуп, канча бир дүңгүрөгөн ысымдар өтүп кетти. Канча адамдардын өзү өлсө, сөзү кошо өлүп, жылдардын бир жылдарында калып кетти. Ал эми Мидин Алыбаевчи? Улам мезгил алыстаган сайын бизге кайра ал жакындап, кыргыз адабиятына ак жарык чачып, өмүрдүн албас бактысына ээ болуп, тирүүлөр эле эмес, атүгүл жылдар менен жарышка түшкөнсүп биз менен кошо келет. Адабиятыбыз канчалык көкөлөп кетпесин, канчалык мыкты таланттар келбесин, бирок Мидин Алыбаевдин ырлары окулуп атат, окула бекмек. "Мидин айткандай", "Мидин мындай деген экен" сыяктуу сөздөр айтылып жүрөт, айтыла бермек.

- Эл, анан өзүнүн нукура таланты менен эле жүргөн экен. Апам айтат назик, боорукер киши болчу деп. Кичине гонорар алса, ошол жердеги кишилерди бүт коноктоп, андай-мындай алып берип, анан сүткө деп бир аз гана акча алып келчү. Анан кийингенди жакшы көрчү дейт. Эрте менен шляпа, жаңы шым, күрмө кийип кетип, кечинде эски кийим кийип келчү. Келгенде, эртең мененки жаңы киймиң гана десе, досума бердим, ал бир жакка бармак экен дечү. Дүйнө курганды билчү эмес экен. - дейт Зарема Мидинова.

Акын сатира жанрына да шыктуу болгон кимди да болсо күйгүзө жазган:

Бир жагынан жомокко жакындап, экинчи жагынан романга жакындап. Кээде повести такымдап. Түзүк жазылды "Каныбек" кара шакылдак. Автордун оюна койсо Какемди улам өзгөртүп турмак. Кээде калпак кийгизип, кээде тумак. Илимдер Академиясына мүчө корреспондент кылып тынмак, же Каныбек министр болуп жаны тынмак.

Кылычбек Турдакунов

Жеке аспаптар