Минералдуу тоют

Википедия дан

Минералдуу тоют - малдын рационунда хим. элемент жетишпегенде колдонулуучу кошумча тоют.

Практикада тоют рациону кальций, фосфор, натрий, хлор жfyа кайсы бир микроэлементтердин саны боюнча текшерилет. Өсүмдүк тоютунун көбүндө натрий менен хлор аз. Ошондуктан малга өсүмдүк тоюту менен бирге натрий жана хлордуу туз берилет. Рациондо кальций м-н фосфор жетишпесе, тоют фосфаты — фторсуз фосфат, трикальций фосфат, преципитат, динатрий фосфат ж. б. колдонулат.

Минералдуу аралашма (жөнөкөй жана татаал) рационго мал аны керектешине жара­ша, тоюттагы санын эске алуу менен кошулат. Минералдуу тоют малга концентрат, си­лос, күнжара, мемо тамыр тоютка кошуп берилет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.