Натрий

Википедия дан
Натрий.

Натрий, Na (лат. Natrium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IА группа элементи; к.н. 11, ат. м. 22,99. Щелочтуу металлдар катарына кирет. Жаратылышта туруктуу 23Na изотобу түрүндө кездешет. Н. 1807-ж. Г.Дэви тарабынан, Н. гидроксидин (NaOH) электролиздөөдөн алынган. Жаратылышта таралышы боюнча 6-орундагы элемент. Ар кандай минералдар курамында, жер кыртышында, эритмелер түрүндө океан, деңиз, көл, агын суулар курамында, Күн атм-сында кездешет. Н. галит – NaCl, мирабилит – Na2SO4×10H2O, ж.б. бирикмелер түрүндө калың катмарларды түзүп, ири кендери республиканын дээрлик бардык аймактарында кездешет. Н. ак, жумшак, жеңил металл. Ат-дук радиусу 1,86; иондук радиусу 0,92; тыгызд. 0,96 г/см3 ; балкып эрүү температурасы 97,8 о ; кайноо температурасы t 880о . Иондошуу потенциалы кичине болгондуктан күчтүү калыбына келтиргич. Бирикмелеринде окистенүү даражасы +1. химимялык активдүүлүгү өтө жогору болгондуктан реакцияга жеңил кирет. Абада бат окистенгендиктен керосинде сакталат. Н. кычкылтек менен түздөн-түз аракеттенип, Na 2O - оксидин жана Na2O2 пероксидин, суу менен реакцияга кирип, NаOH жана H2 пайда кылат. Суутек менен кошулуп гидридди NаH берет. О. эле галогендер, күкүрт, азот жана көмүртек менен кошулуп, тийиштүү бирикмелерди пайда кылат. Туздары бардыгы сууда жакшы эрийт. Н. NаСl же NаOH электролиздөдөн алынат. 2NaCl ® 2Na + Cl2­ аноддо: 2Cl- - 2e- = Cl20 катоддо: 2Na+ + 2e- = 2Na0

Кээде көмүртек менен калыбына келтирүү аркылуу да алынат:

4NaOH + 2C = 2Na + Na2CO3 + CO + 2H2 ­ Н. куймалары авиация кыймылдаткычында, ядролук энергетика түзүлүшүндө жылуулук алып жүрүүчү катарында, металлургияда, органикалык синтезде ж.б. калыбына келтиргич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]