Ванадий

Википедия дан
Ванадий.

Ванадий (Vanadium) - V элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы химиялык элемент; ат. н. 23, ат. м. 50,942; табиятта эки изотоптон 50V жана 51V турат, Жер кыртышында массасы боюнча 0,015%. Күмүш түстүү жумшак металл, эрүү t 1900±25°С, кайноо t 3400°С, тыгызд. 6,11 г/см3. Сууда, минерал туздардын, щелочтордун эритмелеринде, туз кислотасында туруктуу. Плавик кислотасында, концент. азот жана күкүрт кислоталарында, «падыша арагында» жакшы эрийт. 700°Сде азоттун агымында ысытканда ванадий нитриди (VN) пайда болот. Жер кыртышында темир менен бирге сейрек кездешет. Бирикмелеринде 2, 3, 4, 5 валенттүү. Кычкылтек менен ванадий оксиддерин VO, V203, V02, V205 пайда кылат. Булардын ичинен негизгиси V205. Ал кызыл-саргыч түстөгү кристалл. Диамагнетик жарым өткөргүч. Алар айнек, фарфор, феррованадий жана күкүрт кислотасын алууда колдонулат; Ванадий кислотасынын туздары ванадаттар деп аталатынча Хлор менен бир нече хлориддерди берет (маанилүүсү VCl3); күкүрт менен сульфиддерди (VS, V2S3, V2S5), көмүртек менен карбиддерди пайда кылат. Ванадий карбиддери (VС жана V2С) боз түстөгү өтө катуу заттар; монокарбиди (VС) жогорку температурада (2800°С) б. эрүүчү, бекем, металл сымал жалтырак кристалл. Ал авиация жана атом өнөр жайында колдонулатынча В. кенташынын концентратын к-та жана жегичтер менен иштетүү, ванадийлүү темир кенташын домнада эритүү, оксиддери менен галогениддерин калыбына келтирүү жана башка жолдор менен алынат. Ванадийдин бирикмелери уу заттар. Ал негизинен металлургияда аспап жана конструкциялык болотторду алууда, ядро техникасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]