Цезий

Википедия дан
Цезий.

Цезий (латын тилинен Caesium, Cs) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IА группа элементи; к.н. 55; ат. м. 132,9054; щелочтуу металлдарга кирет; туруктуу 1 изотоптон 133Cs турат. Жасалма ыкма менен алынган радиоактивдүү изотобунун ичинен туруктуусу 137Cs эсептелет. Ц. 1860-ж. нем. илимпозу Р.Бунзен ачкан. Ц. - сейрек, чачыранды элемент; жер кыртышында м. боюнча 7×10-4 % болот, күмүш сымал жумшак металл; тыгызд. 1,904 г/см3 (200С); эрүү температурасы 28,50С жана кайноо температурасы 667оС. Бирикмелеринде +1 окистенүү даражасын көрсөтөт. Ц. реакцияга активдүү катышат. Абада жалындап күйүп, Cs2O2, Cs2O пайда кылат. Суу, галогендер, кычкылтек, күкүрт жана башка менен кошулуп, CsOH, оксид, галогенид, сульфид, суутек менен 200-250оС, басым астында гидридди берет. Ысытууда фосфор, кремний менен реакцияга кирет. Ц. - Hg, Au, Bi, Sb, щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары менен куймаларды пайда кылат. Ц. поллуцид - CsAl[Si 2O6] минералын вакуумда термиялык калыбына келтирүүдөн алынат. Фотокатодду, электровакуумдук фотоэлементти, фотоэлектрон көбөйткүчтөрүн даярдоодо колдонулат. Цезий элементи спектрдик анализ ыкмасы менен аныкталган элементтер катарына кирет. 1880-ж. Берлин илимдер академиясы жыйынында Р.Бунзен жаңы щелочтуу металл ачылгандыгы ж-дө кабарлаган. 1882-ж. нем. химиги К.Затерберг СsСN жана Ba(CN)2 цианиддер аралашмасын электролиздөө менен Ц. бөлүп алган. Кийинчерээк байланышпастан туруп Россияда Н.Н.Бекетов Ц. алюминатын суутек агымында Mg менен калыбына келтирүүдөн металлдык Ц. бөлүп алган. Ц. спектри көк түстө болгондуктан бул элементке лат. «caesius» – көгүлтүр деген ат берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]