Фермий

Википедия дан

Фермий (латын тилинен Fermium, Fm) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К. н. 100, ат. м. 257. Ф. массалык сандары 242Fm, 244Fm – 259Fm болгон 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу - 257Fm. Ф. жасалма ыкма менен алынган радиоактивдүү элемент. Ф. 1953-ж. амер. көрүнүктүү физик жана химиктер (16 кишиден турган) тобу тарабынан ачылган. 100-элемент атын улуу итал. физик Энрико Ферминин урматынан аталган. Ф. термоядролук жарылуу продуктуларын иштетүүдөн алынган. Ф. изотоптору ядролук реактордо уран, плутоний нурлантуудан жана эйнштейний элементин a-бөлүкчөлөрү менен бомбалоодон алынат. Ф. иондошуу потенциалы - 6,5 эВ ; бирикмелеринде +2 жана +3 болгон окистенүү даражаларын көрсөтөт. Ф. галогендер менен болгон бирикмелери белгилүү. Практикалык колдонулушун келечек көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]