Нептуний

Википедия дан

Нептуний (лат. Neptunium), Npэлементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы химиялык элемент. Катар номуру 93, ат. м. 237. Нептунийдин массалык сандары 228Np – 241Np болгон 14 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу 237Np. Н-ди 1934-жылыитал. физик Энрико Ферми нейтрондун уранга тийгизген таасиринен алган, бирок аныктоого мүмкүн болгон эмес. 1940-жылыамерикалык физиктер Э. Макмиллан жана Ф. Эйбельсон ядролук реакциянын негизинде синтездеп, аны Нептун планетасынын атынан аташкан. Ал – күмүш түспөл, жумшак, оор металл. Б. эрүү t 1134˚С; кайноо t 4200˚С; бирикмелеринде +3, +4, +5, +6 жана+7 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Н. галогендер мененкошулуп, жогорку окистенүү даражаларына ээ, фторид, хлорид, бромид, йодиддерди пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]