Фтор

Википедия дан
Фтор (-196°C).

Фтор (латын тилинен Fluorum), Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 2-мезгилинин VIIА группа элементи, галогендерге кирет. 9, ат. м. 18,9984. Мол-сы 2 атомдуу. Табигый Ф. туруктуу бир изотоптон турат 19F. Жасалма ыкмада алынган 5 радиоактивдүү изотобу бар: 16F(T1/2 <1мсек), 17F (T1/2 < 70 сек), 18F (T1/2 < 11,1 мин), 20F (T1/2 < 11,4 сек), 21F(T1/2 <5сек). Атомунун коваленттик радиусу F + 1,33 ; иондошуу энергиясы: F0 ® F + 401,7 ккал/г ×атом. Ф. жер кыртышында м. боюнча 6,6×10-2 % түзөт.

Негизги минералы – плавик шпаты же флюорит – CaF2. Ошондой эле жаратылыштагы фосфат – фтораппатитте 3Ca3(PO4)3×СаF2 (3,3 %) жана криолитте Na3AlF6 – 54,3 % кездешет. Андан сырткары Ф. бирикмелери жаратылыш сууларында, өсүмдүк менен жаныбар организминде да кездешет. Плавик шпатынын негизги кендери Забайкальеде, Ненец улуттук автономдук округунда, Тажикстан, Казакстан, АКШ (Иллиноис жана Кентукки штаттары), Мексика, КЭР, Европа, Италияда жайгашкан. Криолит түрүндөгү запастары Гренландияда табылган. Фтор – сары-жашыл түстөгү, кадимки шартта кескин жыттуу газ. Ал суюктукка –118,13оС (760 сым. мам. мм), ал эми катуу абалга -219,610С айланат. Газ абалындагы Ф. тыгызд. 1,693 г/л, суюк Ф. тыгызд. 1,5127 г/см3. Кайноо температурасы -188,13оС жана балкып эрүү температурасы –29,61оС. Окистенүү даражасы – 1 барабар. Ф. гелий, неон жана аргондон башка бардык элементтер менен реакцияга кирүүгө жөндөмдүү. Кычкылтек менен төмөнкү темп-рада кычкылтек фториддерин OF2, O2F2, O3F3 жана башка пайда кылат. Ф. өтө активдүү болгондуктан бардык металлды, суутек, бром, йод, күкүм түрүндөгү S, Si,B, C оңой окистендирет, P, Na, K, Pb кадимки темп-рада, Zn, Sn, Al, Ag, Cu ысытканда Ф. күйүүгө жөндөмдүү; селен, теллур, күкүрт менен фторидди пайда кылат. Суутекте эрип, Ф. суутекти берет. Галогендер бардыгы менен орун алмашуу реакциясына кирет. Ф. кычкылтекти бирикмелеринен сүрүп чыгарат жана суудан суутекти тартып ала алат. Ф. алуунун негизги булагы –суутек фториди. Өндүрүштө KF-HF сыяктуу аралашмадагы суутек фториди эритмесин электролиздөөдөн алынат. Мында HF электролизге учурайт, ал эми KF электр тогун өткөрүүнү камсыз кылат:

3НF = Н2F+ + НF-2 ;

катоддо: 2Н2F+ + 2e- = H2 + 2HF;

аноддо: 2H2F2- - 2e- = F2 + 2HF.

Ф. никелден жасалган атайын идиште сакталат. Газ түрүндөгү Ф. UF4, UF3, ClF3, SF6 жана башка алууда, суюк Ф. ракета отундарында окистендиргич (от алдыргыч) катары колдонулат. Ф. бирикмелеринин басымдуу бөлүгү – Ф-дуу суутек, алюминий Ф, кремний фториди орг. жана фторорг. бирикмелер алууда реагент, эриткич же катализатор түрүндө колдонулат. Ф. жаныбар менен өсүмдүк ткандарында өзгөчө тиште кездешүүчү маанилүү микроэлемент болуп саналат. Ф. уулуу газ болгондуктан ал туз түрүндө, мисалы NaF, Na2 [SiF 6], адам баласынын турмушунда, жыгач материалдарын иштетүүдө колдонулат. Өсүмдүктөн пияз, жасмин Ф. бай, ал. Ф. ичилүүчү суунун курамында да кездешет (1 л сууда 0,8 мг).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]