Протактиний

Википедия дан
Протактиний.

Протактиний (лат. Protactinium, Pa) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К.н. 91, ат. м. [231]. П. массалык сандары 216Ра, 217Ра, 222Ра – 238Ра болгон 19 изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу болуп 231Ра саналат. П. жер кыртышында өтө сейрек учурайт. П. 1917-ж. О.Ган менен Л.Мейтнер (Германия) жана Ф.Содди менен Дж.Крэнстон (Англия) деген окумуштуулар бир убакта ачышкан. П. жер кыртышынын м. боюнча 10-10 % түзөт. П. - жалтырак ачык-боз түстөгү металл; балкып эрүү температурасы 17500С; кайн. температурасы 42000С; бирикмелеринде +2, +3, +4 жана +5 окистенүү даражаларын көрсөтөт, бирок +3 окистенүү даражасындагы бирикмелери жакшы изилдене элек. П. Ра2О5 оксидин вакуумда ысытканда, ал Ра2O2 оксидине чейин калыбына келет: 2Ра2О5 ® 1500 ®  2Ра2O2 + 3О2 П. суутек, фтор, хлор менен жогорку температурада реакцияга кирет. П. оксиддери сууда, к-таларда начар эрийт. П. касиеттери толук изилдене элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]