Скандий

Википедия дан
Скандий.

Скандий (латын тилинен Scandium) – Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасы IIIВ группа элементи. К.н. 21, ат. м. 44,956. Жаратылышта 45Sc изотобу бар. 1879-ж. Нильсон Скандинавия жергесинде гадолинит минералынан бөлүп алган, ошондуктан С. деп аталган. Жер кыртышында м. боюнча 6×10-4 % түзөт. Негизги минералдары ScSiO7 – тортвейтит, ScPO4×H2 O – стереттит. С. күмүш сымалданган саргыч боз металл. Эки кристаллдык модификациясы бар. химимялык  жактан абдан активдүү. Бирикмелеринде +3, өзгөчө шартта +2 окистенүү даражасын көрсөтөт (ScSO 4, ScCl2). Кадимки шартта абада сакталганда оксид жука катмары менен капталат (Sc2O3). 250оС абада окистенет. С. суу менен аракеттенбейт. Бирок HCl, H2SO4, HNO3 к-таларында жакшы эрийт. Негизги бирикмелери: ScH2 – гидриди, ScN – нитриди, ScB2, ScB4, ScB12 – бориддер, Sc5Si3, Sc3Si5, ScSi2 - силициддер, Sc2O3 - оксиди Sc(OH)3 – гидрооксиди, Sc2S3, Sc2Se3, Sc2 Te3 – халькогениддер, Sc(NO3)3, Sc(NO3)3×4H2O, ScOH(NO3)2×3H2O - нитраттар; Sc2(C2O4) - оксалаттар; Sc2(SO4)3 - сульфаттар. С. SсF3 калыбына келтирүүдөн алынат. С. самолёт жана ракета жасоодо, радиотехникада, ядролук техникада, медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]