Цирконий

Википедия дан
Цирконий

Цирконий (лат Zirconium), 40 Zr[Kr]4d 25s2 91,22 ― Д. И. Менделеев мезгилдик тутумунун IVВ группа элементи, к.н. 40, ат. м. 91,22. 5 изотобу – Zr90 (51,46%), Zr91(11,23%), Zr92(17,11%), Zr94(17,40%), Zr96(2,80%) бар. Жасалма алынган изотоптору Zr 93 (T1/2 = 1,1 ×106 ) Zr95 ( T1/2 =65 ) радиоактивдүү индикаторлор катарында колдонулат. Ц. 1789-ж . М.Г. Клапрот тарабынан ачылган. Ц. деген аты арабдын «асыл таш» деген сөздөрүнөн келип чыккан. Ц. минералдары кымбат баалуу таштар катарында пайдаланылган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 2 ×10-2% түзөт. Жаратылышта циркон, бадделеит, эвдиалит жана эвколит минералдары таралган. Байыркы кендери Индостан, АКШ, Австралия, Швецияда кездешет. Ц. күмүштөй жалтырак, ийилгич, жеңил иштетилүүчү металл. Анын эки модификациясы бар: төмөнкү темп-рада туруктуу a-Zr гексагоналдык торчолуу кристаллдар жана жогорку темп-рада туруктуу b-Zr кубдук торчолуу кристаллдар. a - Zr тыгызд. 6,45 г/см3 (200); ат. радиусу 1,60; иондук радиусу Zr4+ =0,82; балкып эрүү температурасы 1852 0C; кайн. температурасы 35800C. Ц. падыша арагында, ысык конц. күкүрт, плавик кислоталарында гана эрийт. Бирикмелеринде Ц. 4 валенттүү. Абада оксиддик катмар менен капталат. Кычкылтек менен аракеттениши 2000С жогорку темп-рада башталат, бирок майда күкүмдөрү кадимки темп-рада Ц. диоксидин пайда кылуу менен жалындап күйүп кетиши мүмкүн. Галогендер менен ZrГ4 сыяктуу галогенидди, суутек менен гидиридди (Zr2H, ZrH2, ZrH ж.б.), азот менен нитрид ZrN, көмүртек менен карбид ZrC жана башка пайда кылат. Ц. туздары гидролизденет да, гидратташкан кош оксидин ZrO2×H2O пайда кылат. Цирконий оксихлориди гидраты ZrOCl×8H2O түссүз тетрагоналдуу кристаллдар. Сууда жакшы эрийт, улам концентрациясы көбөйгөн сайын комплекстик иондор ZrOCl3-, ZrCl5-, ZrCl62- пайда болуп, эригичтиги төмөндөйт. Ц. сульфаты Zr(SO4)2×4H2O кош туздарды пайда кылат. Өндүрүштө Ц. циркон менен бадделеит минералынан алынат. Ядролук энергетикада конструкциялык материал, металлургияда легирлөөчү металл катары жана керамика, эмаль, айнектин өзгөчө сортторун алууда колдонулат. Ц. коррозияга өтө туруктуулугу аны нейрохирургияда колдонууга мүмкүндүк берет. Ц. куймаларынан хирургиялык аспаптар, мээге операция жасоодо пайдаланылуучу жиптер, кан токтотуучу кыпчыткыч жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]