Гафний

Википедия дан
Гафний.

Гафний (лат. Hafnium, Hf) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы IVВ группа элементи, к.н. 72, ат. м. 178,49. Массалык сандары 174Нf, 176Нf -180Нf болгон 6 туруктуу изотоптон турат. 1923-ж. нидерланд. окумуштуу О.Костер жана венг. окумуштуу О.Хевеши тарабынан ачылган. Жер кыртышында таралышы м. б-ча 3,210-4 % түзөт. Г. Копенгаген шаарынын атынан аталган. Ак күмүш түстүү металл; тыгызд. 13,66 г/см3, балкып эрүү темп-расы 2222оC, кайноо темп-расы 5280оC. Хим. касиети б-ча цирконийге өтө окшош. Негизги окистенүү даражасы болуп +4 саналат; +3, +2,+1 окистенүү даражасы да мүнөздүү, бирок аз кездешет. Жогорку темп-рада N2, C2, B, Si ж.б менен аракеттенип, металл сымал катуу бирикмелер

HfN, HfS, HfSi, HfCl4, HfF4 пайда кылат. Абада окистенүүдөн сырткы бети жука кабыкча менен капталат. Кычкылтек менен ысытуудан Г. оксиди HfO2 пайда болот. Г. [HfO]HPO</nowiki>4, [HfO]Cl2, K2[HfF6] сыяктуу комплекстик бирикмелери белгилүү. Г. цирконий минералдары жана HfCl4 хлоридин калыбына келтирүүдөн алынат. Г. тантал жана вольфрам менен болгон куймасы абсолюттук нөлгө жакын темп-рада 20000С темп-рада да жогорку бекемдигин сактайт. Ошондуктан ядролук энергетика, электрондук техника, авиация, ракеталар жана реактивдүү кыймылдаткычтар тетиктерин жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]