Полоний

Википедия дан

Полоний (лат. Polonium) – Д. И. Менделеев мезгилдик системасы VIА группа радиоактивдүү элемент; к. н. 84; ат. м. 210. Жаратылышта кездешкен 23 изотопторунан туруктуусу 210Po болгон сейрек кездешүүчү элемент. П. 1898-ж. М. Складовская-Кюри жана П. Кюри ачкан жана М. Складовская-Кюринин мекени Польша урматына полоний деп атаган. Жер кыртышынын (м. б-ча) 2×10-15 % түзөт. П. уран кендеринен алынат. П. жасалма ыкма менен висмутту нейтрондор менен бомбалап, ядролук реакция жардамында алышат. П. – жумшак, күмүштөй ак металл, тыгызд. 9 г/см3 ; балкып эрүү температурасы 254 0С; кайн. температурасы 1162оС; бирикмелеринде -2, +2, +4, +6 окистенүү даражасын көрсөтөт. Абада окистенет, суудагы эритмелеринде гидролизге учурайт. Суутек менен жеңил бууланучу гидриддерди пайда кылат. Сульфаттары, тетрагалогениди синтезделип алынган. 210Po (Т1/2 =138 күн) изотобу нейтрон булактарында пайдаланылат. П. жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү космикалык аппараттар системасында атомдук жылыткычтарды түзүүгө мүмкүндүк берди. 210Po изотобунан башка изотоптору колдонулбайт. П. бирикмелери уулуу келет. П. өтө аз санда тамекиде жана анын түтүнүндө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]