Мирдальсиекудль

Википедия дан

МирдальсиекудльИсландия аймагыныын түштүк четиндеги муз калканы.

Формасы тегерек, эң калың жери ортосунда. Чет жактары жанар тоонун боорундагы жылгалар менен салааланган өрөөн мөңгүлөрүнө окшоп кетет. Жалпы аянты 701 км2. Кар чегинин бийикт. 1200—1300 м. Түш. капталына жылына 4000 ммге чейин жаан- чачын жаайт. Мөңгүнүн астында жана чет жакаларында аракеттеги бир нече жанар тоо бар, эң ириси — Катла. Катла жанар тоосу аракетке келген учурда Мирдальсиекудльдун музу эрип, катуу кыйроого учуратуучу сел жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.