Жанар Тоо

Wikipedia дан
Жанар тоонун ойгонушу

Жанар Тоо (Вулкан)- Байыркы заманда табигаттын ар бир кубулушу кандайдыр бир уламыштардын башаты болгон. Гректер үчүн мына ошол кубулуштардын коркунучтуусу да, каардуусу да тиги дүйнөнүн кудайы Аид тарабынан адамдарга жаза катары ыргытылган оттор болгон. Ал эми байыркы римдиктер үчүн Вулкано деген от кудайы каарданганда жер жарылып, оттор атырылган. Учурда, илим бул кубулуштун чыныгы жүзүн ачып, аны Жараткандын табигатка байлаган бир сыры экендигин далилдеди. Ошол эле учурда жанар тоо вулкан деген аты калып, ал эми бул кубулушту изилдеген илим – вулканология деп аталып калды.

Жер тууралуу маалымат[оңдоо]

Жер шары

От ыргыткан кубулушту карап көрүүдөн мурун анын табигатын түшүнүп алуу максатында жер тууралуу маалымат алуу туура болот. Миллиондогон жылдар бою жердеги озондук катмар, магниттик талаа пайда болуп, жердин ички түзүлүшү да акырындап калыптанган. Ал бир нече катмардан турат: тышкы катмар, үстүнкү мантия, мантия, тышкы ядро, ички ядро. Жердин кыртышы– катуу катмарынын үстүнкү бөлүгү. Ал океандык жана континенталдык болуп экиге бөлүнөт. Континентте кыртыш 6 км ден 30-50 км ге чейин кетет.
Мантия – Жердин массасынын 67 % ын, ал эми көлөмүнүн болжол менен 83 % ын түзөт. Ал жердин кыртышынан 5-70 км тереңдикте башталат да, 2900 км ге чейин, б.а. ядро менен чектешкен жерге чейинки аралыкты камтыйт. Жердин чок ортосунда – ядро болот. Ядро магма түрүндөгү эриген зат болот да, анын температурасы 7000 К ге чейин, ал эми басымы 360 ГПа га жетет. Жанар тоолордун негизги очогу ошол мантия болуп эсептелет.

Жанар тоонун келип чыгуу теориялары[оңдоо]

Жанар тоонун аракетке келүү себеби

Теориялар менен илимий тажрыйбалардын натыйжасында жер кыртышынын астындагы магманын бар экендиги тастыкталганда, жанар тоолордун табигаты түшүнүктүү болгон. Жанар тоо – бул, жер кыртышын түзгөн тектердин аракетинен улам басым алдында болгон магманын сыртка атылып чыгышы. Магманын аракетинен улам энергиялык чыңалуу болот да, акырындап отуруп ал чегине жеткенде тышка карай жол издей баштайт. Ошентип, көпкө «уктаган» жанар тоолор атылып чыгат. Көптөгөн вулканологдордун айтуусуна караганда, жанар тоонун аракетке келишинин ички себептерине таасир эткен тышкы себептер да бар. Алар – ар кандай асман телолорунун салыштырмалуу жакындап келишинен улам жердин тартылуу күчүнө таасир этиши, же болбосо, Күндө болуп өткөн кубулуштардын таасири. Күндүн массасы жердин массасынан 330 000 эсе чоң болгондуктан, андагы болуп өткөн кубулуштар жердин ички катмарындагы процесстерге өз таасирин тийгизет: Күндүн активдүүлүгү күчтүү электромагниттик нурданууларды чыгарат да, ал жердин магниттик талаасына таасир этип, кубаттуу магниттик бороондорду пайда кылат. Жердин айланасында бороондогон магниттик талаа өз кезегинде анын өз огунда айлануусуна таасир этет да, анын кыртышына физикалык жактан күч келет, б.а. жердин катмарындагы тоо тектердин, плиталардын, гидросферанын, атмосферанын таасирленишине алып келет. Жердин ички тектоникалык катмарынын сырткы күчтүн таасири менен деформацияланышы жана ички басымдын көбөйүшү, жер кыртышында кубаттуу толкундарды пайда кылат да жанар тоонун аракетке келүүсүнө себеп болот. Натыйжада жер титирейт. Айрым учурда тескерисинче, жер титирөөдөн улам жанар тоолор аракетке келип, атылып чыгат.

Жанар тоолордун түзүлүшү[оңдоо]

Суу астындагы жанар тоо

Жанар тоо түзүлүшү, формасы жана атылып чыгышы боюнча бири-биринен айырмаланат, бирок, жалпысынан алганда, анын баары, магма атылып чыккан тышкы геологиялык түзүлүш катары сыпатталат. Жанар тоолорду жердин борборун карай жол ачкан терезе деп коюшат. Биринчи магматикалык очок 60-100 км тереңдикте астеносфералык катмарда болот. Андан кийин жер кыртышынан 20-30 км тереңдикте экинчи магматикалык очок орун алат. Мына ушул очок жанар тоонун башатын түзөт. Жердин борборундагы басым атмосферадагы басымга караганда 3 млн эсе көп. Ал эми магманын жогорку катмарында түп жагына караганда басым аз болот. Кандайдыр бир себептерден улам жердин төмөнкү катмарында жер кыртышын көздөй кеткен бир жарака пайда болгондо, ал жердеги басым ошол замат азаят да, оттуу суюктукка айланган магма жогору көздөй умтулат. Газдарга каныккан магма 1000 °Сге чейин кайнап чыгат да, ал жараканы улам чоңойтуп жогору карай кете берет. Атылып чыгып, жолундагы бардык нерсени күйгүзүп, төмөн карай аккан массаны лава дейт. Лава менен кошо асманга уулуу газдар, күйгөн таштар, көмүр кычкыл газы, суу буусу кошо атылып чыгат. Ошондой эле, калың туман сыңары жанар тоодон чыккан күл жогору көтөрүлөт. Мындай күл көмүр, жыгачтын күйгөндөгү күлүнөн башка болот. Күлдөрдөн жана газдардан калың туман пайда болот. Шамал аркылуу тараганда күндүн бети көрүнбөй, караңгы болот. Кадимкидей чагылган чагылып, күн күркүрөйт. Айрым учурда атылып чыккан газдар караңгыда 40-50 км ге чейин көрүнгөн от устунун пайда кылат. Жүздөгөн тонна күл бир канча километрге чейинки жерди каптап калат. Жанар тоонун атылып чыгуусун коштогон зат (майда бөлүкчөлөр) асманга чыкканда абадан муздап, майда жеңил таштарга айланат. Айрым учурда аларды шамал айдап кетет да, жанар тоо атылган жерден бир топ алыс аралыктарга алып барып таш жамгыр болуп жаап түшөт. Кээде жанар тоо тегиз жерден атылып чыгат. Мындай учурда атылып чыккан лава акырындап муздап, ошол жерге жанар тоонун пайдубалын пайда кылып калат. Акырындап бул дөңсөөлөр өсүп отуруп, кадимки жанар тоолор пайда болот. Жогоруда айтылгандай, жанар тоолордун аракеттенүүсүнөн улам жердин терең катмарындагы тектоникалык массалардын (плиталардын) урап-талкалануусу болот. Литосфералык плиталардын бөлүнгөн жана бириккен жерлери – ар кандай жер титирөөлөрдүн жана жанар тоолордун аракетке келүүчү активдүү жери. Бул аймактар миңдеген километрлерге созулган жердин сейсмикалык зоналарын түзөт. Көпчүлүк жанар тоолор жана жер титирөөлөр ушундай аймактарда жайгашкан: Тынч океандын, Атлантика океанынын жана Жер Ортолук деңизинин жээктери.

Курамындагы заттар[оңдоо]

Жанар тоолордон чыккан заттарды катуу, суюк жана газдар деп бөлүшөт. Көпчүлүк учурда биринчи газдар атылып чыгат, андан кийин жарылуудан талкаланып майдаланган тоо тектери жана таштар учуп, соңунда магма лава түрүндө агып чыгат. Газдын курамы негизинен 50-85% суу буусунан, 10% дан ашыгы көмүр кычкыл газынан, калганы күкүрт, суутек, жана башка газдардан турат. Лава кратерден чыккан учурда 700-1200 градус Сельций температурага жетет да 1-2 м/с ылдамдыкта эриген металл сыңары абалда агып чыгат. Айрым учурда ылдамдыгы 8 м/с га жетет. 1977-жылы 10-январда Ньира-Гонго вулканынан (Заир) өтө суюк лава агып чыгып, суу сымал 60 км/саат ылдамдыкта төмөн карай багыт алган. Бир сааттын ичинде 20 млн. м3 лава агып чыккан. Лава агымынын узундугу 1-120 км, туурасы 500м, ал эми калыңдыгы 25-30 м ге чейин жетет. Бир суткада 10-20 миң тонна лава бүркүп чыгарган вулкандарда бар. Бардык жанар тоолордун жылдык бөлүп чыгарган массасы болжол менен 3 млрд. тонна болот. Муздап калган, башкача айтканда, катуу абалга келген лаванын курамында кремний диоксиди, алюминийдин, темир, магний, натрий жана [кальций]]дин оксиди жана суу болот. Лаванын муздашы менен эриген массанын бир бөлүгү микроскопикалык криссталлдарды камтыган вулкандык айнекти пайда кылат.

Жанар тоолордун түрлөрү[оңдоо]

Жанар тоолордун активдүүлүгүнө жараша аракеттеги, шарттуу өчкөн жана өчкөн деп үчкө бөлүшөт. Аракеттеги жанар тоо – качандыр бир кезде аракетке келген, бирок толук токтоп, өчүп калбаган мезгил мезгили менен кыймылга келип турган жанар тоолор. Шарттуу өчкөн – көп убакыт бою аракетке келбеген, бирок, аракетке келиши мүмкүн болгон жанар тоолор. Ал эми өчкөндөрдүн катарына кайрадан аракетке келиши күмөн болгон жанар тоолор кирет. Ошол эле учурда жанар тоолордун аракетте болгон мезгили тууралуу окумуштуулар арасында так аныктама жок, себеби, анын аракети бир нече жылдан бир нече миллиондогон жылдарга созулат. Ал эми пайда болушуна карата моногендик (бир гана жолу аракетке келгенден улам пайда болгон) жана полигендик ( көп жолу аракетке келгенден пайда болгон) деп бөлүшөт.

Жайгашкан жери боюнча: кургактыктагы, суу алдындагы жана муз алдындагы болуп бөлүнөт. Учурда суу астындагы жана кургактыкта дүйнө жүзү боюнча бир жарым миңден ашык активдүү жанар тоолор бар. Активдүү жанар тоолор сейсмикалык жана тектоникалык активдүү аймактарда болгондуктан, ал жерде ар дайым жер титирөөлөр, жердеги жаракалар аркылуу уу газдардын бөлүнүп чыгышы болуп турат. Смитсонианов Институтунун берген маалыматтарына караганда, ар жылы орто эсеп менен 60-70 жанар тоо атылып чыгып турат. Дайыма активдүү болуп турган жанар тоолордун катарына Килауэа жана Стромболи кирет. Мындан тышкары, рельефтин башка түрү да кездешет. Ал магманын газдардын эсебинен көтөрүлүп, бирок басымдын жетишсиздигинен атылып чыкпай калган тайпак тоолор. Мындай түзүлүштөрдү вулканотектоникалык тайпак тоолор деп аташат.

Ири жанар тоолор жана алардын натыйжалары[оңдоо]

Учууга жараксыз абалга келген учак

1883-жылы 27-августта Индонезиядагы Ява жана Суматра аралдарынын арасында Кракатау жанар тоосу ойгонгон. Жанар тоонун атырылып чыгуусунан пайда болгон цунами толкуну 30 метр бийиктикке жетип, 163 кыштакты талкалап, 36 380 адамдын өмүрүн алып кеткен. Жарылуусунун үнү жанар тоодон 4800км алыс аралыкта угулган. Кызарып күйгөн чоктор 55 км бийиктикке учкан. Мындай жыйынтыкты алуу үчүн 20 орточо көлөмдөгү атом бомбасын бир убакта жардыруу керек эле. Жанар тоодогу жарылуулар бир нече термоядердик бомбаны жардырганга тете болот. Ал эми абага аралашып, шамал айдап кеткен күл-таштар 10 күндөн кийин 5330 км алыстыкка жаап түшкөн. Ал эми 1927-жылкы атылып чыгуусу анын жанына дагы бир жанар тоо аралдын пайда кылган. Аны «Анак Кракатау» (Кракатаунун баласы) деп атап коюшкан.
.

Жанар тоодон чыккан күл каптаган аймак

Кракатаунун атылышынан 4 саат өткөндөн кийин 4776 км алыс аралыктагы Родригес аралынан дагы бир жанар тоо атылып чыккан. Вулканологдордун айтуусуна караганда, андан чыккан үн же шарынын 1/10 аймагына угулганБул жарылуу СССРде сыналган эң кубаттуу суутек бомбасынан 26 эсе катуу, бирок Санорин жанар тоона 3 эсе төмөн болгон

Индонезиянын Сумбава аралында 1815-жылы апрель айында Тамбора жанар тоосунын атылуусу 150-180 км3 көлөмдөгү күлдү чыгарган. Салыштыруу иретинде алып карасак, [Санторин жанар тоосу]]нан 60-65 км3, Кракатау жанар тоосунан болсо 20 км3 көлөмдөгү күл чыккан. Бул жанар тоо дагы бир рекорду менен белгилүү. Бул табигый кырсыктан жана андан кийинки ачкачылыктан тарыхта эң көп жоготуу катары катталган: 92 000 адам бул жашоо менен кош айтышкан. Кракатау жанар тоосу болсо 36 000 адамдын өмүрүн алган. А температура 2,5 градуска төмөндөп, бул деңгээлде жыл бою сакталып турган. 1986-жылдын жай айы да суук болуп, «жай болбогон жыл» аталып калган.

Кызыктуу фактылар[оңдоо]

Күн системасындагы эң чоң жанар тоонун көрүнүшү — Олимп, сүрөт 2004

Биздин замандын 130-жылы атылып чыккан Таупо вулканынын рекордун ушул убакка чейин жаңырткан жанар тоо болгон эмес. Ал 30 млрд. тонна таштанды чыгарган да, 16000 км2 жерди басып калган. Атылып чыккан зат кратерден 200 км алыстыкка чейин жеткен. Ал эми эң узак аралыкка агып жеткен лава 1783-жылы Исландиянын түштүк чыгыш жагындагы Лаки жанар тоосунан атылып чыккан. Ал эриген масса 65-70 км ге чейин агып барган.

Эң чоң жанар тоо катары аты чыккан жанар тоо Гавай аралында жайгашкан Мауна-Лоа. Анын бийиктиги 4170м, узундугу 120 км, туурасы 50 км болот. Сыйымдуулугу 42 500 км3 болсо, анын 8 пайызы суу астына туура келет.
Эң бийик жанар тоо катары Аргентина аймагында Анды тоолорунда 6690м бийиктикте орун алган Аконгагуа жанар тоосун айтса болот.

Иоспутнигиндеги жанар тоонун аракетке келиши

Эң жаш жанар тоо аралы азырынча өз алдынча атка ээ боло элек. Жалпысынан Хаапаи аралдарына кирет. Бул жанар тоо аралы 1995-жылдын 6-июнунда «жарык дүйнөгө келген». Ал бийик жери 40 м, жалпы аймагы 5 га жерди ээлейт.

Эң чоң жанар тоо Мауна Лоа Гавай аралында жайгашкан. 1843-жылдан баштап 33 жолу аракетке келип, 1984-жылы тынчып калган. Жанар тоо деңиз деңгээлинен 4 км жогоруда орун алганы менен анын негизи деңиздин түбүндө 4 км тереңдикте жайгашкан. Азыркы учурда 1500 дөн ашык жанар тоо активдүү деп эсептелет. Алардын көпчүлүгү Индонезияда орун алган. Алардын ичинен эң активдүүсү Гавай архипелагында жайгашкан Киалуэа жанар тоосу. Ал 1983-жылдан баштап азырга чейин токтой элек.
Жер шарынан башка планеталарда да жанар тоолордун бар экендиги аныкталган. Алгачкылардан болуп Сатурндун Ио спутнигинде табылган. Ошондой эле Энцелад спутнигинде аракеттеги жанар тоонун бар экендигин окумуштуулар тастыкташкан. Мындан тышкары, Нептундун Тритон деген спутнигинде да аракеттеги жанар тоолор бар экендиги далилденген.

Аракетке келген жанар тоолор[оңдоо]

XXI кылым[оңдоо]

XX кылым[оңдоо]

Ири жанар тоолор[оңдоо]

Жанар тоонун аттары Жайгашкан жери Бийиктиги, м Аймагы
Охос-дель-Саладо Чили Анды тоолору 6893 Түштүк Америка
Льюльяйльяко Чили Анды тоолору 6725 Түштүк Америка
Сан-Педро Борбордук Анды тоолору 6159 Түштүк Америка
Котопахи Экваториалдык Анды тоолору 5897 Түштүк Америка
Килиманджаро Масаи бөксө тоолору 5895 Африка
Мисти Борбордук Анды тоолору 5821 Түштүк Америка
Орисаба Мексика тайпак тоосу 5700 Түндүк жана Борбордук Америка
Эльбрус Түндүк Кавказ 5642 Европа
Попокатепетль Мексика тайпак тоосу 5455 Түндүк жана Борбордук Америка
Сангай Экваториалдык Анды тоолору 5230 Түштүк Америка
Толима Түндүк-Батыш Анды тоосу 5215 Түштүк Америка
Ключевска жанар тоосу Камчатка жарым аралы 5000 Азия
Рейнир Кордильерлер 4392 Түндүк жана Борбордук Америка
Тахумулько Борбордук Америка 4217 Түндүк жана Борбордук Америка
Мауна-Лоа Гавай аралдары 4169 Австралия жана Океания
Камерун Массив Камерун 4100 Африка
Эрджинс Анатолий тайпак тоосу, Суматра аралы 3916 Азия
Керинчи Суматра аралы 3805 Азия
Эребус Росса аралы 3794 Антарктида
Фудзи Хонсю аралы 3776 Азия
Тейде Канар аралдары 3718 Африка
Семеру Ява аралдары 3676 Азия
Ичин жанар тоосу Камчатка жарым аралы 3621 Азия
Кроноцк жанар тоосу Камчатка жарым аралы 3528 Азия
Коряк жанар тоосу Камчатка жарым аралы 3456 Азия
Этна Сицилия аралы 3340 Европа
Шивелуч Камчатка жарым аралы 3283 Азия
Лассен-Пик Кордильерлер 3187 Түндүк жана Борбордук Америка
Льяйма Түштүк Анды 3060 Түштүк Америка
Апо Минданао аралы 2954 Азия
Руапеху Жаңы Зеландия 2796 Австралия жана Океания
Пэктусан Корей жарым аралы 2750 Азия
Авачин жанар тоосу Камчатка жарым аралы 2741 Азия
Алаид Куриль аралдары 2339 Азия
Катмай Аляска жарым аралы 2047 Түндүк жана Борбордук Америка
Тятя Куриль аралдары 1819 Азия
Гекла Исландия аралы 1491 Европа
Монтань-Пеле Мартиника аралы 1397 Түндүк жана Борбордук Америка
Везувий Апеннин жарым аралы 1277 Европа
Стромболи Липарск аралдары 926 Европа
Кракатау Зонд кысыгы 813 Азия


Адабияттар[оңдоо]

  • Лучицкий И.В. Основы палеовулканологии. М., 1971
  • Мелекесцев И.В. Вулканизм и рельефообразование. М., 1980
  • Влодавец В.И. Справочник по вулканологии. М., 1984
  • Действующие вулканы Камчатки, тт. 1-2. М., 1991

Шилтемелер[оңдоо]