Мирки

Википедия дан

Мирки – орто кылымдарга таандык шаар. Азыркы Казакстандын Жамбыл облусундагы Мерке шаарынын ордунда жайгашкан. Кокон хандыгынын тушунда бул жерде Мерке чеби болгон. Меркени алгач эскеришкен араб географтары Ибн Хордадбек менен Кудама ибн Жафар «Чоң кыштак» деп мүнөздөшкөн. Ал эми азыркы тарыхчылар аны орточо калаалардын катарына кошушат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.