Миян-Рудан

Википедия дан

Миян-Рудан (фарсча Миенрудон, түрк тилдеринде – эки суу арасы) - орто кылымдагы тарыхый – географиялык аймак. (провинция, округ, область). Фергана өрөөнүнүн түндүк жагындагы, Нарын менен Карадарыянын аралыгындагы аймак. Буга азыркы Кетмен-Төбө өрөөнү да кирген.

Миян-Рудан жөнүндөгү маалымат 10-кылымдарда араб –фарсы тилдеринде жазылган эмгектерден (Истахринин “Китаб масалик ал мамалик”, белгисиз автордун “Худуд ал-Алам мин ал-Машрик ила-л-Магриб” жана башка) кезигет. Араб саякатчысы ал-Мукаддасинин “Ахсан-ат-такасим фи марифат ал-акалим” (“Климат таануу боюнча мыкты клодонмо”) деген чыгармасында Миян-Рудан округунда жайгашкан 9 шаарды – [Насрабад, Манара (Менара), Ранджад (Ранджед), Шикит, Заркан, Хайралам, Башбашан, Уштикан, Узканд (Узкенд)] атайт. Алардын ичинен Насрабад бак-дарактуу, ал эми Шикит жаңгак токоюндагы зор шаар болгон. Облустун борбору –Хайралам (Хайлам, Хатлам) шаары Нарын (Хайлам) суусунун боюнан, Кетментөбө өрөөнөн орун алган. ; чоң мечити болгон. Каалган шаарлардан Заркан куручу, Ранджад эгин талаалары менен белгилүү болгон. Аймактын чыгыш четин чек арага жакын турган Селат жана Узкенд (азыркы Өзгөн) шаарлары түзгөн. Өзгөн адегенде Мавервннвхрдын (караханилердин бийлигинин алгачкы мезгилинде) борбору, кийин (чагатайлардын убагындада) жергиликтүү провинциялык бийликтердин резиденциясы болгон. Мында монета (акча) жасап чыгарылган. Миян-Рудан округу, анын шаарлары ал мезгилде саясий жана экономикалык жактан мааниси зор болгон; анын аймагы боюнча белгилүү соода жолдору өтүп, айтылган доорду даңазалаган тарыхый-археологиялык эстеликтер калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]