Мондиализм

Википедия дан

Мондиализм (фран. monde - тынчтык) - федеративдик негизде дүйнөнү жана анын айрым аймактарын - Европаны, АКШны ж.б. бүткүл дүйнөлүк жалпы өкмөт менен бириктирүү үчүн кыймылы.

Мондиализмдин келип чыгуусуна 20-жж. биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон Европанын Бириккен штаттарын түзүү кыймылы түрткү болгон. Улуттар лигасынын кыйроосу, фашизм, жаңы дүйнөлүк согуш, дүйнөнүн башкарылбастыгы жаңы, борборлоштурулган дүйнөлүк түзүмдө элдер менен мамлекеттердин ортосунда тынчтыкты жана мамилелерди кайра уюштурууга жол издөөгө түрткү беришкен. Бул темадагы биринчи эмгектер С.Стрейттин «Союз или хаос» (1939-ж.) деген аталыштагы китеби болгон.

Андан кийин 1940-, 1941-42-жж. Мондиализмдин биринчи теоретиктеринин эмгектери чыга баштаган. 1946-1948-жж. Мондиализм кыймылы АКШ жана Европада союздарга жасалгалана баштаган, Гаага жана Брюсселдеги бүткүл дүйнөлүк съезддерде (1948-ж.) федеранттардын биригүүсү. Мондиализмдин идеологиясынын жалпы багыты - согушка каршы, пацифисттик, БУУнун манипуляциясына каршы багыт жана СССРге, атомдук куралга каршы превентивдик согуш ж.б.

Мондиализм дүйнөдөгү келип чыккан глобалдык көйгөйлөргө жана процесстерге биринчи жолу көңүл бурган. Мондиализм кыймылында СССР менен кызматташуунун күчтүү тенденциясы болгон. Кыймылдын катышуучуларынын курамы өтө эле ар кошкон болгон: фабианецттер, социалисттер, пацифисттер, христиандык демократтар, бизнестин, саясаттын көрүнүктүү өкүлдөрү жана окумуштуулар. Ага күч саясатынын жактоочулары да кошулууга умтулушкан, бул дүйнөлүк өкмөттүн жана Бүткүл дүйнөлүк федерациянын идеяларын бурмалаган. Натыйжада кыймыл начарлап, жарымы согушка каршы жана прогрессисттик ар кандай кыймылдарга, көпчүлүк учурда Батыш Европадагы интеграциялык процесстерге өтүп кетишкен. БУУнун эгидасы алдындагы эл аралык уюмдардын өнүгүүсү жана күчөшү Мондиализмди азыраак жагымдуу идея кылган, бирок Мондиализм түшүнүгү такыр эле жок болуп кете элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8