Москва көтөрүлүшү

Википедия дан

Москва көтөрүлүшү (1547) - Русь мамлекетиндеги феодалдарга карты шаардык көтөрүлүш.

Боярлар башкарып турган кезде күчөгөн феод, эзүү туудурган таптык карама-каршылыктын курчушунан улам чыккан. 1547-ж. 21-июнда Москвадагы чоң өрт салыктан айрыкча жапа чеккендердин толкундоосун күчөткөн. Падыша Иван IV Воробьёв айылына жашынып аман калган.

Козголоңчулар эзүүнү күчөткөн князь Ю. В. Глинскийди өлтүрүп, боярлардын үй- мүлкүн талаган. 29-июнда куралданган козголоцчулар Воробьёв кышына барып, Глинскийлердин тирүү калгандарын берүү, өлтүрүү жагын падышадан талап кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин Москвага кайтышкан. Өкмөт козголоңчулардын бир даарын кырган, калган козголоңчулар Москвадан качып кутулган. Москва көтөрүлүшү басылганы менен башка шаар, райондорго да таасир тийгизген. Көтөрүлүштүн натыйжасында Глинскийлердин өкмөтү кулаган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.