Музыкалык аспаптар
Музыкалык аспаптар - тийешелүү музыкалык чыгарманы аткаруу үчүн колдонулган атайын аспаптар.
Мазмуну |
Кыскача таржымакалы [оңдоо]
Учурда колдонулган демейдеги музыкалык аспаптар бир нече түргө бөлүнөт:
- кылдуу
- үйлөмө
- тепкелүү
- урма
- ариптакталуу (клавишалуу)
- жана башкалар.
Музыкалык аспаптын ар кыл доошту, үндү чыгара турган негизги физикалык өзөгүн добушту термелтип чыгаруучу жабдыгы түзөт.
Бул жабдык – кыл болушу мүмкүн, же болбосо чогулган кубатты термелген доош катары чыгарган касиети бар башка да жабдык болушу мүмкүн.
Айрым фольклордук чыгармаларды аткарганда кашык, араа, чака, же айыл чарба шаймандарын деле колдонуп жүрүшөт.
Кээ бир диний чыгармаларды коңгуроо кагуу аркылуу да аткарышат.
Электрдик музыкалык аспаптар [оңдоо]
Электрдик музыкалык аспаптар 20-кылымдын башында эле пайда болгон. Алардын алгачкысы – терменвокс 1917-жылы ойлоп табылган. Азыркы тапта доошту кубулжутуп чыгарган синтезаторлордун ар кыл түрлөрү колдонулуп келет. Көбүнесе мындай синтезаторлор фортепианонукуна окшош ариптакта (клавиша) менен жабдылган.
Адабият [оңдоо]
- Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. - ISBN 9967-14-016-X.
- Тело в русской культуре / Составители: Г. Кабакова, Ф. Конт / М.: Новое литературное обозрение, 2005. - ISBN 86793-396-2.
- Музыка: Энциклопедия / Репринтное издание «Музыкального энциклопедического словаря» 1990 года. Изд-во: Советская энциклопедия / Большая Российская энциклопедия, 2003. – 672 стр. - ISBN 5-85270-254-4.