Мусабаев, Хаким

Википедия дан

МУСАБАЕВ Хаким (туулган жылы белгисиз – 1920, Нарын ш.) – Нарында Совет бийлигин орнотууга жигердүү катышкандардан.
Падышалык армияда кызмат өтөп, 1917-ж-дын аягында Нарынга келген.
Ал баштаган большевиктер Нарында 1918-ж. 3-апрелде Совет бийлигин орноткон, 8-апрелде Нарында өткөн Солдат ж-а мусулман депутаттар советинин съездине жетекчилик кылган.
1919-жылдан РКП(б)нин Нарын уезддик шааркомунун төрагасы болуп иштеген.
Контрреволюциячыл козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003