Набдам (эл)

Википедия дан

Набдам (намнам, набдуг, набруг) — Гананын түндүк-чыгышында (Кызыл Вольта дарыясынын оң жээгинде) жана Буркина-Фасонун түштүгүндө (чек ара райондору) жашаган эл.
Жалпы саны 25 миң адам (1990-чу жылдары).
Тууган элдер: кусаси, мампруси, моси, нанкансе, талленси.

Тил

Эне тили — набт (набте, набде). Гур уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга, жаратылыш күчтөрүнө (жер, суу, от) жана Вен деген жогорку жандыкка сыйынышат. Магия, бакшылык, фетишизм кеңири таралган.
Ошондой эле набдам элинин арасында христиандар (протестанттар) жана мусулмандар (сүннөттөр) да бар.

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптери кол менен иштетилген жер чарбасы (таруу, жүгөрү, сорго, фонио, күрүч, буурчак өсүмдүктөр) жана малчылык (майда мүйүздүү мал).
Дарыялык балык уулоо, аңчылык.

Кол өнөрчүлүк

  • карапачылык;
  • темир устачылык;
  • токуучулук;
  • тери иштетүү.


Тамак-аш

Өсүмдүк жана сүт азыктары. Ботколор, сорполор, токочтор.

Кийим

Күнүмдүк кийим белдемчи, ал эми майрамдарда эркектер үчүн кыска жеңдүү узун ак көйнөк, аялдар үчүн кыска юбка кийилет.

Турак жай

Набдам элинин өкүлдөрү чатыры конус сымал самандан жабылган тегерек сокмо (чопо) кепелерде чакан чарбаларда жашашат.

Коом

Салттуу коомдук уюм чоң үй-бүлөлүү жамааттарга жана патрилинейлик кландарга негизделген. Көп аялдуулук практикаланат.
Тенданам, жер культунун дин кызматчылары олуттуу таасирге ээ.

Маданият

Негизги фольклордук жанрларды макал-лакаптар, жомоктор, ырлар түзөт. Татуировка практикаланат.

Тарых

Набдам автохтондук калк болуп эсептелет. Бирок аларды Мампруси өлкөсүнө Наригу деген жерден көчүп келгени жөнүндө уламыш бар. Набдам эли мампрусиден жана нанканседен күчтүү этномаданий жана саясий таасирге ээ болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]