Фетишизм

Wikipedia дан

Фетишизм (фр. fetiche – идол, талисман) – өзгөчө, табийгаттан тышкаркы күчкө, сыйкырга ээ, жансыз предметтердин (фетиштер) культу, аларга сыйынуу, ишенүү. Алгачкы общиналык түзүлүш мезгилинде бардык эле элдерге мүнөздүү. анын сакталган калдыктары катары – тумар, көз мончок коргоочу күчүнө ишенүүчүлүк саналат.

"Манас" эпосунда[оңдоо]

Фетишизм «Манас» эпосундагы (фр. fetiche — керемет) — адамдарга тиешелүү сапаттарды буюмдарга, нерселерге да таандык кылып, алардын кереметтүү күчүнө ишенген көз караш. Фетиш нерселердин (мисалы, тумар, крест) адам тагдырына таасир берүүчү кереметине ишенүүдөн көрүнөт. Ошондой эле байыркы адамдардын дүйнө таануу жана түшүнүү жаатындагы мифологиялык-фантастикалык ой жүгүртүүгө негизделген идеологиянын өзгөчө бир формасы болуп эсептелет. Ал адамдарга гана мүнөздүү сапаттарды тигил же бул буюмга, нерсеге таандык кылып, алардын адаттан тыш керемети бар деген диний ишенимге таянган көз караш катары пайда болгон жана жашаган. Фетишизм көптөгөн элдердин коомдук аң-сезиминде туруктуу орун алып, алардын материалдык жана маданий өнүгүшүнө өз таасирин тийгизген. Диний-мифологиялык мындай түшүнүктөр менен ишенимдер кыргыз элинде да жашап келген жана анын калдыктарын «Манас» эпосунан кеңири жолуктурууга болот.

Көз караштар[оңдоо]

Фетиштик көз караштар менен ишенимдер Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты вариантында туруктуу орун алган, ошону менен бирге эпостун байыркылык негиздерин бекемдейт. Байыркы адамдар буюмдун жана нерсенин керемет күчүнө табынышы жана ал ишенимдин бир айныксыз фактысы катарында эпикалык душмандардын бутка же бурканга (табына турган сүрөт же тулку, идол) сыйынгандыгын көрсөтүүгө болот. Эпостогу колдонулушу, мааниси жагынан бут бурканга жакын, бирок экөөнүн айырмасы бар. Контекст боюнча буркан чоң, ал эми бут көлөмү боюнча андан кичине. Ошондуктан, аны кээде жанга салып жүрүүгө болот. «Манаста» бут жана буркан калмак-кытайлардын кудайынын сөлөкөтү катары сүрөттөлөт. Бул эпикалык душмандардын байыркы ишеними, көз карашын элестүү чагылдыруу менен эпостун мазмунунун ар тараптуулугун, көп катмардуулугун, тарыхый деталдардын так берилишин көрсөтүү менен архаикалык аң-сезими менен бекем байланыштыгын аныктайт.
Бут же буркандын керемет касиетине ишенүү Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири орун алып, образдуу баяндалган. Атап айтканда, эпикалык башкы терс каарман Нескара арык каздырып жаткан эпизоддо бут жөнүндө маалымдалат. Буттун көрүнүшүндө «анын бултуюп, эки уурту дулдуюп» турушу, келбетин жана башын алтындан, көзүн көөхардан, колдорун забар менен зерден, тиштерин инжиден, эрди-мурду зумуруттан жасалгандыгы сыпатталат да, ага башын уруп, анын «айтканын» жасап турууга милдеттүү экендиги баяндалат. Ал эми аны жамандоо, ага терс мамиле жасоо адам баласына жамандык, кырсык алып келиши мүмкүн экендиги эскерилет. Адамдын башына келген түрдүү оор, кысталыш учурларда бут же буркан өз керемети менен аларды сактап кала тургандыгы жөнүндө ишеним айтылат.
Бут менен буркандын касиетине, колдоочулук кереметине ишенүү мотиви эпикалык душмандардын аракеттеринде, баталдык сценаларда конкреттүү окуялар менен бекемделип жүрүп олтурат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Кошой менен күрөшөрдө Жолой өзүнүн бурканына сыйынып, колдоо күтөт. Ошондой эле Коңурбай Манас жана анын баатыр чоролору менен кандуу кагылышка чыгардын алдында бутка же бурканга сыйынат. Бул фетиштик көз караш «Манас» баатырдын тегерегинде өткөн окуяларда активдүү пайдаланылат.

"Семетей" бөлүмүндө[оңдоо]

Эпостун «Семетей» бөлүмүндө фетиштик мындай буюмдар кеңири баяндалбаса да, «Каныкейдин жомогу» сыяктуу айрым бир эпизоддордо эскерилет. Ошондой эле Коңурбай Семетей менен беттешерде жеңишке жетишүү үчүн бурканына көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылат. Архаикалык ой жүгүртүүнүн фетишизм сыяктуу формасы «Манас» эпосунда активдүү жашаганын, ал эми кийинки бөлүмдөрүндө пассивдүү катышканын көрүүгө болот. Эгерде «Семетей» бөлүмүндө фетиштик ишенимдердин айрым калдыктары гана берилсе, «Сейтек» бөлүмүндө дээрлик жолукпайт.
Сырткы жасалышы, кооздолушу, формасы жана сымбаты жагынан алып караганда калмак-кытайлардын бут жана бурканына окшош келген фетиштик буюм, нерсе тул кыргыздарда да кеңири колдонулганын эпостон жолуктурууга болот. Бирок, ага болгон ишеним мазмуну жана идеялык багыты боюнча бут менен буркандан кыйла айырмалуу. Тул байыркы кыргыздардын ишениминде туруктуу түрдө колдонулган жана кеңири тараган. Эри өлгөн аялдын эринин келбетине, кебетесине окшоштуруп жасап, өлгөн күйөөсүнүн кийимин жаап, көшөгө тартып, бурчка олтургузуп, анын чоң ашын бергиче сактоочу сөлөкөтү тул катарында эсептелип, анын арбагын сыйлоо кастарлоо түшүнүгүн билгизген. Анткени, жан денеден бөлүнгөндөн соң ал өлбөй, улам өз үйүнө келип тууган-туушкандары анын арбагын канчалык сыйлап, урматтап жатканын байкап турат жана анын жарыкчылыкта калган адамдарга өзүнүн оң жана терс таасирин тийгизет деген ишенимге негизделген түшүнүктүн натыйжасы катарында чыккан.
Байыркы кыргыздардын аң-сезиминде далынын, куттун кереметине ишенүү салты туруктуу орун алып келгендигин жана алар эпостун жалпы мазмунуна тиешелүү таасир тийгизгендигин белгилөөгө болот. Маселен, Сагымбай Орозбаковдун вариантында кырк чородон Агыдай «далы көрүүчү, акыр заман оодарып, ашкере айтып берүүчү», Төлөк «төгүн айтпаган мыкты төлгөчү» катарында башкалардан айырмаланып турушат. Ал эми Алмамбеттин Манаска келип кошулганы, «кутман келип кут келип калгандай» кабыл алынат жана түшүндүрүлөт.
Жай таш фетиштик түшүнүк катарында Азия элдеринин диний аң-сезиминде кеңири учурайт. Анын эпостун идеялык, көркөм-эстетикалык мазмунуна тийгизген таасири кыйла жана туруктуу өзгөчөлүктөрдөн болуп саналат. Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты вариантында жайчылык өнөр Алмамбеттин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле эпикалык терс каармандар Куястын (Сагымбай Орозбаковдун варианты), Жолойдун, Нескаранын, Алоокенин да (Саякбай Каралаевдин варианты варианты) жай таштын керемет күчүн, кубаты устаттык менен пайдалана алышын баяндаган окуялар кыйла. Жай таш кандай гана кырдаалда, окуяда колдонулбасын анын керемети окуянын жүрүшүнө, каармандардын мүнөзүнө таасир тийгизиши магиялык ырым-жырымдар менен коштолот. Жай таш эпикалык каармандардын аракетине ар башка даражада таасир тийгизет. Терс каармандар жайчылык өнөрдүн аркасында (Нескара, Жолой) өлүмдөн аман калышат, ал оң каармандардын жеңишке жетишине, түрдүү тоскоолдуктардан өтүүгө, алардын элдик идеалдагы иш-аракеттеринин аткарылышына, максатынын ишке ашышына өбөлгө түзүп берет.
Сюжеттик окуянын ырааттуу түрдө өнүгүшүндө, элдик идеянын элестүү чагылышында Манастын жакын чоросу Алмамбеттин жайчылыгы өз алдынча мааниге ээ. Ал Көкөтөйдүн ашында тулпарларды чабууга жиберер алдында Манастын өтүнүчү боюнча «Аккуланын бир күндүк этин алып, табына келтирүү максатында жай таштын кереметин колдонот, баатырдын тулпарынын байге алышына кол кабыш этет. Кошой менен Жолой күнү-түнү күрөшүп, чаң-тозоңун сапырып жатканда балбандарга жана карап турган көпчүлүккө ыңгайлуу болуу үчүн жай таш менен жаан жадырып абаны салкындатып, элди сергитет. Чоң казатка аттанганда албуут Уркун дарыясынан аскердин аман-эсен кечип өтүшүнө, Сыргак менен чалгынга баратканда душмандардын койгон кароолуна байкалбаш үчүн (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) мүмкүнчүлүк түзөт.
Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча тигил же бул окуяга, кырдаалга карата Алмамбеттин жайчылык өнөрүн көрсөтүү туруктуу орун алат. Бирок айрым деталдаштыруу жагынан, каармандардын жайчылыгын кырдаалга карата берилиши жагынан айырма болгону менен эпостогу Алмамбеттин фетиштик кереметке ээ болгон туруктуу сапаттары сакталып кала берет. Коңурбайдын «ажыдаар, жолборс, кайберен, мергендеринен» койгон сыйкырдуу кароолчуларын жай таштын жардамы менен жандыруу, Алмамбеттин «жайчылык өнөрдү, кереметти алтымыш баштуу ажыдаардгн атайы окуп, үйрөнгөнү», Кытайдан чыкканда «кереги тиет деп Карыкандын сыр бараңы менен жай таштарын ала чыгуусу» өңдөнгөн өзгөчөлүктөргө ээ.
Эпостогу жай таш жөнүндөгү маалыматтардын мындайча интерпретацияланышы айтуучулардын жеке талантына, түшүнүгүнө жана чеберчилигине байланыштуу түшүндүрүлөт. Бирок эки варианттагы фетиштик түшүнүк жай таш элдик ишенимди толук жана элестүү чагылдырылгандыгы менен анын табияты менен функциялары туурасында диний-мифологиялык түшүндүрмөлөрдү бергендиги менен жалпылыкка ээ. Эске ала турган жагдай: жай таш жылдын бардык мезгилин түрдүүчө өзгөртө алгандыгы жөнүндө элдик ишенимдин, байыркы түшүнүктүн эпостун системасында толук сакталышын көрсөтүүгө болот. Жай таш жай мезгилин кыш мезгилине өткөрүүгө, ооштурууга гана мүмкүнчүлүгү бар. Ошол себептен жай мезгилинин кай учуру болбосун жай таштын керемети менен бурганактаган алай-дүлөй бороон, күн көрүнбөгөн түнгө алмашып, суулар тоңуп, сасык туман каптап, алаамат түшөт.
Жай таш жөнүндөгү фетиштик ишеним эпостун «Семетей» бөлүмүндө да кандайдыр бир деңгээлде улантылат. Ал эпостун фантастикалык-мифологиялык катмарын өзүнчө бир ажардантып, жандантып туруучу күчкө ээ.
Эпикалык мындай көрүнүш эпостун структурасында байыркы аң-сезимдин айрым кубулуштары кыйла убакытка дейре жашай бере турганына, анын жалпы идеялык-эстетикалык багытына өзүнчө көмөк көрсөтө ала турганын ыраст айт.
Жайчылык өнөр терс каармандардын бири Мурадылга мүнөздүү нерсе. Ал Коңурбайдын жана чекке койгон кароолчуларынын башчысы. Семетей өзүнүн чоролору менен Коңурбайды көздөй жүрүш жасаганда Мурадыл жай ташынын керемети менен аларды бир кыйла кыйынчылыкка дуушар кылат:

Каш карарып түн кирип,
Көзүн жылдыз ачканда.
Кырымдын уулу Мурадыл
(Анык жайчы кул ушул).
Жай ташын сууга салганы
Жайлап туруп калганы.
* * *
Жай ташты көлгө урду дейт,
Жай дубасын күбүрөп,
Жайлап карап турду дейт,
Кара сууну уютуп,
Кайра колун сунду, дейт
Туруканын тунук көл,
Ого бетер тунду дейт.

Фетиштик түшүнүк жай таштын керемети эпостун башкы идеясы менен тикеден-тике байланышкан. Ал образдарды берүү, мүнөздөрдү түзүү, пейзаждык сүрөттөөлөрдө да көркөм-эстетикалык чоң кызмат аткарат. Байыркы ой жүгүртүүнүн мындай элементтери «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө учурабайт. Буюмдун, тигил же бул предметтин адаттан тыш сыйкыр күчүнө, кереметине ишенүү мотиви «Сейтекте» трансформаңияга дуушарланганын көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Дин (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9