Наурунун туусу

Википедия дан
Науру Республикасынын
мамлекеттик туусу
Науру

Бекитилген

31-январь 1968

Колдонууга

Мамлекеттик желек; жарандык вымпел

Пропорция

1:2

Наурунун туусу, расмий түрдө ― Науру Республикасынын Мамлекеттик туусу (науру anidenin Naoero) ― Науру Республикасынын мамлекеттик белгилеринин бири.

Сүрөттөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желек өлкөнүн географиялык абалын чагылдырат.

Желектеги жылдыз аралдын экватордон бир градус түштүктө жайгашкан жерин билдирет жана желектин сары тилке (сары тилкенин туурасы, желектин узундугунун 1⁄12 түзөт) менен экиге бөлүнүшү ― аралдын биринчи тургундары жерде эки аскадан пайда болгон деген уламышка шилтеме берет[1][2][3].

12 бурчту жылдыз Наурунун 12 уруусун билдирет[4]:

  • деибоэ
  • эамвидамид
  • эамвидара
  • эамвид
  • эамгум
  • эано
  • эмео
  • эорару
  • ируци
  • ирува
  • иви
  • ранибок

Көк түс Тынч океанды[3], ал эми жылдыздын ак түсү аралдын негизги минералдык байлыгы болгон фосфаттарды чагылдырат.

Иштеп чыгуу жана кабыл алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желекти австралиялык Evans желек өндүрүүчүcү тарабынан иштелип чыкан. Расмий түрдө 1968-жылы 31-январда кабыл алынган. Океаниядагы башка мамлекеттердин желектеринен (мисалы, Тувалу) айырмаланып, желекти кабыл алууда көп талаш-тартыштарды жараткан эмес[3].

Схема[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желектин схемасы
Желектин схемасы  

Түс[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Схема Көк Сары Ак
Pantone 280 C 123 C -
RGB 1-33-105 255-199-44 255-255-255
Hexadecimal #012169 #FFC72C #FFFFFF
CMYK 100-85-0-39 0-16-89-0 0-0-0-0

Наурунун башка желектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желек Жыл Колдонуу Маалымат
1969–азыркы учурга чейин Наурунун «Тынч океан линиясы»

кеме компаниясы

Көк желектин ортосунда он эки бурчтуу, ак түстөгү жылдыз орун алган. Жылдыздын ортосунда карат түстөгү кемеказык тартылган[5]
1924 Наурунун желеги катары кабыл алууга сунушталган желек Көк желекте 15 беш бурчтуу ак жылдыздар.[6]

Тарыхый желектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желек Жыл Колдонуу Маалымат
1888–1914 1888-жылы Германия аралды басып алган жана арал Германия Жаңы Гвинеясынын курамында болгон[3]. Ак желектин бурчунда үч түстүү Германия желеги жана кызыл кылыч кармаган кара арстан тартылган.
1919–1948 Науру Австралия менен Улуу Британиянын ишенимдүү мандатынын астында болгон кездеги желеги[3]. Улуу Британиянын желеги
1942–1945 Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Жапон империясынын оккупациясы алдындагы Наурунун желеги[3]. Жапон империясынын желеги
1948–1968 Австралия жана Улуу Британиянын камкордугу астында Наурунун желеги[3]. Австралиянын желеги
1968–азыркы учурга чейин Расмий түрдө 1968-жылы 31-январда кабыл алынган жана азыркы учурга чейин колдонулунуп келе жаткан желеги[3]. Көк желекти ортосунан сары тилке экиге бөлөт жана 12 бурчтуу ак жылдыз.

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Nauruan Flag (Наурунун желеги)  (англисче)
  2. Nauru (англисче)
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 3.5 3.6 3.7 Flag of Nauru - A Brief History (Наурунун желегинин кыска тарыхы) (англисче)
  4. Tribes of Nauru (Наурунун уруулары) (англисче)
  5. Nauru Shipping Companies. (Науру кемелер компаниялары) (англисче)
  6. Nauru Historical Flags. (Наурунун тарыхый желектери) (англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]