Несторий жазуулары

Википедия дан

НЕСТОРИЙ ЖАЗУУЛАРЫ – 12–13-кылымдардагы несторий дининдегилердин мүрзөсүнө коюлган таштагы жазуу. Жазуулар ташка сирия-түрк тилдеринде оңдон солго, жогортон төмөн карай чегилип, ортосуна крест белгиси түшүрүлгөн. Несторий жазуулары чегилген мүрзө таштары Бишкек, Токмок шаарынын айланасынан, Ысык-Көлдө Жууку суусунун жээгинен табылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.