Нидерланд коммунистик партиясы

Википедия дан

Нидерланд коммунистик партиясы 1918-ж. 17-ноябрда Нидер­ланд с.-д. партиясынын негизинде түзүлгөн.

1919-ж. Коминтернге кирген. Ал эмгекчилердин мүдөөсү үчүн күрөшүп, Сов. Россияны жактаган. Нидерландды фаш. немецтер басып алганда НКП жашырып иштеп, Каршылык көрсөтүү кыймылына активдүү катышкан.

НКПнин 16-съездинде (1952) кабыл алынган программа элдик-демокр. мамлекетти куруу милдетин белгилеген. Анын 21—24-съезддери партиянын интернационалдык ишмердигине кедерги болуп, анын милдеттерине улуттук мүнөз берүүчү ураан алдында өткөн. НКПнин делегациялары Коммунисттик жанa жумушчу партиялардын эл аралык кеңешмелерине (1957, 1960, Москва) катышып, алардын документтерин жактырган. НКП демокр. централизм принцибинде курулат. Жог. органы — съезд, съезд аралыгында БК жетекчилик кылат. Борб. органы — «Де Ваархейд» газетасы, теориялык орга­ны — «Политик эн кюлтюр» журналы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.